УКМК: Депутат Аскарбек Шадиев Лейлектин Арка айылынын тушунан сууну кечип өтүп, Тажикстан анан Россия аркылуу Америкага качып кеткен

Кечээ, 31-майда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгы үчүн бөлүнгөн 30 миң АКШ долларын уурдап жеп алуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарбек Шадиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси (3-бөлүгүнүн 1-пункту,  4-бөлүгү) менен сыртынан айыбы тагылды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди сыртынан үй камагына алды.

Аталган кылмыш иши КР Генералдык прокуратурасы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде козголгон. Андан бир күн мурун, 27-апрелде Аскарбек Шадиев көзү өткөн туугандарына батага барууга Бишкектен Баткен облусунун Исфана шаарына чыккан. Андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан сууну кечип, Тажикстанды көздөй чек араны мыйзамсыз кесип өткөн.

28-апрель күнү ага каршы кылмыш иши козголгондон кийин кечки саат 18.20.да ага берилген дипломатиялык паспортун колдонуп, Кожент-Москва (Домодедово) каттамы менен Россияга учкан. Москвадан АКШнын Нью-Йорк шаарына учуп кеткен.

Жакын туугандарынын айтымында Аскарбек Шадиев дарылануу үчүн эле чет өлкөгө чыгып кеткен жана 1-2 жумадан кийин кайтып келиш керек болчу.

Бирок Аскарбек Шадиев атайын тергөө органдарынан качып жашырынып жүрөт, ошондуктан ага расмий издөө жарыяланды.

Редакциядан: Айрым маалыматтар боюнча Аскарбек Шадиев АКШнын Лос-Анджелес шаарындагы өзү мурун эле сатып алган үйүнө качып барып жашырынган.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *