Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » УКМК: Колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды
Криминалдык хроника жана окуялар

УКМК: Колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды

Колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-февраль күнү билдирди.

Алардын айтымында, 9-февралда саат 7:45 чамасында Бишкек ШИИБ нөөмөт бөлүмүнө жашоочулардын биринен батирдеги чыгып жаткан катуу ызы-чуу тууралуу телефон чалуу кабыл алынган.

ИИМ кызматкерлери жерине келгенде, мас абалындагы батир ээси Р.У. жана аны менен бирге турган
Б.Ч. ортосунда уруш чыкканы аныкталды. Батирди тинтүү убагында саат орнотулган механизми бар, колго жасалган жардыргычка окшогон куту табылган.

УКМК кызматкерлери менен биргеликте кутуну кароодо ал муляж экендиги табылды. Р.У. айтымында муляж тааныштарын тамашага салуу максатында жасаган.

Тинтүүнүн жыйынтыгында башка тыйуу салынган заттар табылган эмес. Муляж табылган факт боюнча Бишкек шаардык ИИБ тарабынан материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-б. (Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду