УКМК: Коррупция фактысы боюнча Финполициянын жана Салык кызматынын кызматкерлери кармалды

Кечээ, 20-февраль күнү УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финполиция) жана мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт койгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2019-жыл аралыгында Финполициянын аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынын бири Б.У.Р. Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери А.С.М. менен бирге ЕАЭС өлкөлөрүнөн келген жүктөрдү Кыргызстанга тоскоолдуксуз, тиешелүү салык төлөмдөрүсүз өткөрүү үчүн системалуу түрдө акча чогултуп турушкан.

КРнын Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен шектелип кармалгандар, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *