УКМК: Экс-элчи Кылычбек Султан элчи болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча суракка чакырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын күбө катары суракка алынгандыгын түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, Кылычбек Султан Түштүк Кореяда элчи болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир нече эпизод боюнча иликтөө-текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пресс борбордун маалыматы боюнча, ал жогорудагы иш боюнча түшүндүрмө берүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө органдарына күбө катары чакырылган. Бирок көрсөтмө берүүдөн баш тартканына байланыштуу тергөө кийинкиге калтырылды.

Мурдагы дипломатиялык кызматкердин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Кылычбек Султан “бийликти күч менен басып алууга чакыруу” беренеси боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кылычбек Султан өзүнүн Фейсбук баракчасында кыргызстандыктарды 5-августта митингге чыгууга үндөгөн билдирүү жарыялаган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *