УКМК: Ошто 6 милиция кызматкери шектүүнү кыйнап өлтүргөн деген шек менен кармалды

Кечээ, 19-ноябрда Ошто УКМКнын кызматкерлери адамды кыйнап өлтүрүшкөн деген шек менен Криминалдык милиция кызматынын алты кызматкерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.

Алардын айтымында, УКМКнын тергөө органдары Ош ОИИББнын имаратында 1994-жылы туулган К.у.Мнун өлүмү боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 2-б. 5-п. (кыйноо) алкагында козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Кылмышка шектүү деп Ош облустук милициясынын Криминалдык милиция кызматынын 1988-жылы туулган А.С., 1981-жылы туулган Э.У., 1989-жылы туулган С.Д., 1988-ж.т. А.Ш., 988-жылы туулган О.А., 1986-жылы туулган Ш.С., аттуу кызматкерлери кармалды.

Кармалгандар УКМКнын Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Маркум тоноочулукка шектелип 15-октябрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Мурда Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кармоо учурунда ал жигит каршылык көрсөткөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *