УКМК: Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды

11-сентябрда «Ж.З.» аттуу КР жаранынан келип түшкөн кайрылуусунун алкагында КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» экинчи тарапка оң чечим чыгарып берүү боюнча «Ж.З.» аттуу жарандан акча каражатын талап кылган.

2020-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөң ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы «А.Ж.С.» талап кылган акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *