УКМК: Турак-жай имаратын курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

КР УКМК өткөзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик архитектура агенттигинин мамлекеттик экспертизасы, КР курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылдын август айында Ахунбаев көчөсүнүндөгү көп кабаттуу курулуштардын уруксат документинде, КРнын мыйзамдырынын талабында көрсөтүлгөн талаптарды одоно бузуу фактысы аныкталган. "Айлана-чөйрөнү коргоо" жана "Экологиялык экспертиза жөнүндөгү" мыйзамда сейил бактарда, скверлерде, турак үйлөрдө, жол жээгиндеги көрктөндүрүү аймактарында имараттарды жана башка курулмаларды долбоорлоо, куруу, суу коргоо зоналарынын чегинде ага ылайык имараттарды долбоорлоого жана курууга тыюу салынган.

Кечээ, 22-октябрда сотко чейинки өндүрүш КР кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менген пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, аталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын арасынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *