УКМК жана ИИМ өкүлдөрү экстремизм кылмыштарына карата жаза чараларын катаалдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун тездетип кабыл алууну өтүнүүдө

 

Сириядагы согушка беш жүздөн ашуун кыргыз жараны тартылган. Алардын 10 пайызга жакыны 14 жашка чейинки эрезеге жетелек балдар болуп саналат. Тилекке каршы, алардын саны барган сайын өсүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында диний экстремизм жана эл аралык терроризм кылмыштарына карата жаза чараларын катаалдаштыруу максатында тарабынан иштелип чыккан “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков көп балдар ууру-кескилик сындуу майла-чүйдө кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылып, ошол эле учурда андан да оор кылмыш кылганы үчүн мыйзам жоопкерчилигинен сырткары калып жатканын белгиледи. “Диний экстремизм жана эл аралык терроризм кылмыштарына карата жаза чараларын катаалдаштыруу зарыл. Биз бул багытта комплекстүү чаралар көрүшүбүз керек. Көптөгөн эрезеге жетелек балдар ата-энелеринин, дагы башка жакындарынын таасиринде калууда. Ошондуктан, алардын да жоопкерчилигин кароо зарыл”, – деп, ал депутаттардан мыйзам долбоорун тездетип кабыл алып берүүнү өтүндү. Аны ИИМ өкүлү да колдоду.

Эске салсак, депутат Кыянбек Сатыбалдиев тарабынан демилгеленип жаткан “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда диний экстремизм жана эл аралык терроризм кылмыштарына кандайдыр бир деӊгээлде катышы бар балдарга 14 жаштан тарта жаза жоопкерчилигин кароо, ошондой эле аталган кылмыштар боюнча калган жаза чараларын да катаалдаштыруу демилгеси сунушталууда. Анткени, иштеп жаткан мыйзамда мындай кылмыштар үчүн 16 жаштан төмөнкүлөрдү жазык жоопкерчилигине тартууга мүмкүн эмес.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *