Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » УКМКга суракка чакырылган экс-депутат Равшан Жээнбеков сурактан чыкты
САЯСАТ

УКМКга суракка чакырылган экс-депутат Равшан Жээнбеков сурактан чыкты

Бүгүн, 11-октябрда парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков УКМКда суракка алынды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.

Сурак 6-октябрдагы башаламандыкка байланыштуу экени белгилүү болду.

“Алар бир нече суроолорду берип, коё беришти” – деп жазды ал.

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков түрмөдөн бошотулган. Мындан тышкары, ошол эле түнү парламент депутаттары тарабынан жактырылган премьер-министр Садыр Жапаров абактан бошотулган.

Кечээ, 10-октябрда Атамбаев кармалып, абакка киргизилген. Ага башаламандыктарды уюштурган деген айып тагылууда. Фарид Ниязов жана Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Мурунку президенттин уулдары суракка алынып, үй камагына бошотулган.

ММК: Түндүк Корея лидери АКШ менен тынчтык келишимин түзүүнү каалайт

Депутат Иса Өмүркулов: “Мени эмне үчүн партиядан чыгарышты билбейм”

Парламенттин кайсы депутаттары бюджеттин эсебинен чет өлкөгө барганды жакшы көрүшөт?