Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » УКМКга суракка чакырылган экс-депутат Равшан Жээнбеков сурактан чыкты
САЯСАТ

УКМКга суракка чакырылган экс-депутат Равшан Жээнбеков сурактан чыкты

Бүгүн, 11-октябрда парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков УКМКда суракка алынды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.

Сурак 6-октябрдагы башаламандыкка байланыштуу экени белгилүү болду.

“Алар бир нече суроолорду берип, коё беришти” – деп жазды ал.

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков түрмөдөн бошотулган. Мындан тышкары, ошол эле түнү парламент депутаттары тарабынан жактырылган премьер-министр Садыр Жапаров абактан бошотулган.

Кечээ, 10-октябрда Атамбаев кармалып, абакка киргизилген. Ага башаламандыктарды уюштурган деген айып тагылууда. Фарид Ниязов жана Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Мурунку президенттин уулдары суракка алынып, үй камагына бошотулган.

Дмитрий Медведев Кыргызстандын Премьер-министри Сапар Исаковду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Чыныбай Турсунбеков: “АКШ менен байланышты бекемдөөгө кызыктарбыз”

Фоторепортаж – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий визитинин жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерге кол коюу аземи болду