УКМКнын кызматкерлеринен жана тергөө изоляторунда камакта отурган бир нече адамдан коронавирус табылган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин жана УКМКнын тергөө изоляторунда камакка отургандардын арасында COVID-19 менен ооругандар бар. Бул  тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматтарга ылайык, тергөө абагында отургандардын арасында коронавируска чалдыккандар бар, бирок алардан да ооруну жуктуруп алган атайын кызматтардын кызматкерлери көп. Ошондой эле, бир катар кызматкерлер обсервацияда же үй карантининде жатат.

Эске салсак, май айында УКМКда COVID-19 га байланышпаган эки окуя болгону айтылган: бири умрадан келген туугандары менен байланышта болгон, экинчиси ооруканадан ооруга чалдыккан тууганынан вирусту жуктуруп алган.

Июнь айында УКМКда коронавирустун бир нече учурлары тастыкталган, бирок өткөн жуманын аягында 10дон ашык кызматкерден COVID-19 аныкталган.

УКМКнын тегөө абагында жаткандардын арасында аз дегенде 10 ооруга чалдыккан. Анын ичинде Ала-ТВнын Стратегия жана өнүгүү боюнча директору Дмитрий Ветлугин, Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев, мурдагы судья Элвира Жаркеева, Салык кызматынын мурдагы кызматкери Айнура Байгазиева, Жеңишбек Камалов ж.б. бар.

УКМК тергөө изоляторунда жаткан адамдар жана атайын кызматтын кызматкерлери коронавирусту жуктуруп алганы жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, республика боюнча жалпысынан 5 017 адам коронавирусту жуктуруп алган. Анын ичинен 2294 адам оорудан сакайып, 50 киши илдеттен улам каза болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *