Украина ИИМ башчысы журналист Шереметтин өлүмүнүн башкы версиясын атады

Украина ИИМинин башчысы Арсен Аваков журналист Павел Шереметтин өлүмүнө байланыштуу негизги версияны атады. Анын айтымында, Шеремет Орусия жана Беларустагы кесиптик жана оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн өлтүрүлгөн.

Киевде 8-февралда өткөн маалымат жыйынында министр журналист Орусиядан түшкөн саясий буюртманын негизинде жок кылынышы мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Украинанын Улуттук полициясынын башчысынын орун басары Александр Вакуленко автонуаанын отургучунун алдына колган түзүм мина, эки магнит жана электродетонатордон жасалып, гексоген жардыргыч заты колдонулганын билдирди.

“Украинская правда” порталынын жетекчилеринин бири жана “Вести” радиосунун алып баруучусу Павел Шеремет 2016-жылы 20-июлда Киевдин борборунда жардыруудан курман болгон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *