Украина Тажикстанга ИМ тобунун кооптуу жоочусун өткөрүп берүүдөн баш тартты

Украина Тажикстанга «Ислам мамлекети» террордук тобунун эң кооптуу жоочуларынын бирин өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу тажик атайын кызматындагы өз булактар билдиришти.

Тажикстандын Рудаки районунун 37 жаштагы тургуну Муродали Халимов эки жыл мурда Интерполдун өтүнүчү менен Киевде кармалган. «Жакында Украина бийлиги Халимовду бошотуп жибергени белгилүү болду. Биздин маалыматтар боюнча, азыр ал өздөрүн Донецк элдик республикасы деп атап алган аймакта жүрөт», — деп билдирди Тажикстан атайын кызматындагы өз булак.

Мекенинде Муродали Халимов терроризмге, жалданмачылыкка, кылмыштуу топту түзүүгө жана тыюу салынган «Салафия» диний агымына мүчө болууга айыпталууда.

Маалыматка караганда, Украина бийлиги Халимовду бошотуу чечими боюнча комментарий берген жок. «Киевге Муродали Халимовдун Сириянын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгын жана ИМдин катарына башкаларды азгыргандыгын ырастаган бардык документтер жөнөтүлгөн. Бирок Киев аны Тажикстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты», — деп билдирди булак.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, Муродали Халимов жубайы жана үч баласы менен бирге 2014-жылы Сирияга кетишкен. Андан соң ал өлкөгө анын бир тууганы Махмадсаид Халимов дагы үй-бүлөсү менен кеткен. Жалпысынан Халимовдордун үй-бүлөсүнүн 14 мүчөсү ИМ тобу менен кызматташууга айыпталып жатканы айтылып келет. Азырынча алардын экөөсү гана эркиндикте жүрөт.

Булак:Борбор Азия жанылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *