Украинада электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө башташы мүмкүн

Украина энергетикалык тармагына өзгөчө абал киргизилгендигин билдирди. Буга байланыштуу өкмөт өлкөдөгү электр колдонуу көлөмүн кескин азайтуу максатында электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү чараларын көрүп башташы мүмкүн.

Чечим өкмөттүн 15-февралдагы жыйынында кабыл алынды. Анда эки аптадан бери өлкө чыгышындагы көмүр чыккан райондор менен Украинанын башка аймактарын бириктирген темир жол байланыштарын тосуп турган ультраоңчулдардын нааразылык акциясына байланыштуу жооптуу чараларды кабыл алуу маселеси каралган.

Энергетика министри Игорь Насалюк өлкө жашоочулары менен өнөр жай ишканаларын тез арада электр энергиясын үнөмдөөнү баштоого чакырды. Ал эгер электр үнөмдөө боюнча аракеттер көйгөйдү чечпесе, өкмөт өлкөдө «маал-маалы менен өчүрүүлөрдү» башташы мүмкүндүгүн эскертти.

Электр станцияларын колдоо үчүн Киев өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактан көмүрдүн өзгөчө түрүн сатып алууда. 34 айдан берип уланып, 10 миң адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылышууларга карабастан соода уланууда. Нааразычылыгын билдирип жаткандар бийлик жикчилдер менен иштешпеши керектигин билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *