Укук коргоо, сот органдары өзүнчө мамлекетпи?

Кыргыз Республикасынын Президенти
Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВго.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине.
Көчүрмөсү: Массалык маалымат каражаттарына.
Жалал-Абад шаарынын “Спутник” кичи районундагы
Жеңижок көчөсүнүн 56/19 дарегинде жашаган
Егембердиева Сыланкандан
Тел: 0772 139564

Кайрылуу
Урматтуу Президент!

Кыргыз мамлекетинин ажосу, эң бийик кызмат адамы, Конституциянын гаранты катары Сизге кайрылбаска аргам калбады. Бул менин эле эмес, мага окшогон укук коргоо, сот органдарынын адилетсиздигинен жабыр тартып, жылдар бою какшап, сыздап келаткан жарандардын да оорусу, азабы, көз жашы жана акыркы үмүтү экенин туура түшүнүңүз. Ошондуктан да бул маселеге кунт коюп, анын чечилишине чыйыр саларсыз деп ойлоймун.

Менин жашым 55те, төрт баланын энесимин. Өмүр бою ак эмгек менен жашап келем. Буга чейин Жалал-Абад шаарындагы тамеки заводунда 22 жыл иштегем, кийин өлкөбүз эгемендик алып, заводдун иши токтоп калган соң жеке ишмердик менен алектенип келдим. Ошол жеке ишкердик менен алектенген убактан тартып менде айрым кыйынчылыктар башталды.

Тактап айтканда, 2013-жылы Сулайманкулова Тамара аттуу аял аркылуу Малабаев Нурбек аттуу жаранга ар кайсы пайдалуу жумуштарды чогуу жасайбыз, чогуу пайда көрөбүз деген бал тилине алданып, жалпы эсеби 153 миң 45 АКШ доллары өлчөмүндө каражат таап бергенмин. Ал Кытайга товар жөнөтүп, көп пайда табам деген. Бирок, Малабаев Нурбектен пайда эмес, берген акчаларымдын 1 тыйынын да кайтарып ала албайм жүрөм.

Үч жыл акчамды кайтарып берер деп күттүм, бирок боло турган эмес. Ошентип алданганымды билдим да, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылдым. Бирок, ал жердегилер мага жардам берүүнүн ордуна кайра кутулууну ойлошуп, бул иш жарандык тартипте карала турган экен дешип, сотко арыздануумду сунуш кылышты, 2016-жылы 12-майда кылмыш ишин козгоодон баш тартышты.

Мен кайра эле шаардык прокуратура менен шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Бул жолкусунда мыйзамдуу аракет жасашты, 2017-жылы 31-июль күнү Кылмыш-жаза кодексинин 166-статьясынын 4-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча кылмыш ишин козгошту, мени жабырлануучу деп аныкташты. Тергөө учурунда мага Нурбек Малабаев тарабынан жалысынан 1 миллион 581 миң 296 сомдук, Сулайманкулова Тамара тарабынан 773 миң сомдук, өздүгү аныкталбаган Эркин деген жаран 340 миң сомдук зыян келтирилгени да аныкталды. Бул суммалар тергөө убагында төлөнүп берилген эмес. Бирок, ошол жылы 30-октябрда кылмыш иши убактылуу токтотушту. Н. Малабаев менен Т. Сулайманкулова акчаны алып Эркин аттуу жаранга бергенбиз, ал качып кетти деп көрсөтмө беришкен. Ал эми Эркин деген жарандын өздүгүн милиция аныктай албай койгон имиш.

Андан ары мен 2017-жылдын ноябрында Жалал-Абад областынын прокурору Өткүрбек Жамшитовго арызданып, кылмыш ишин кайра жандандырылды. Ал эми 26-ноябрда милиция тарабынан Н. Малабаев кармалды жана 1 айга камакка алынды. Ал шаардык соттун баш коргоо чарасы жөнүндөгү токтомуна арызданып, областтык сотко кайрылган. Областтык сот шаардык соттун токтомун күчүндө калтырды. Бирок, Жогорку сот 2017-жылдын 20-декабрда үй камагына чыгарып койду.

Ошентип, козголгон кылмыш иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту ишти кароону 2018-жылдын 10-январына белгиледи, бирок күбөлөр келбей калып, сот болбоду. Анан май айына чейин сот болбой тура берди, акыры 2-май күнү сот жыйыны башталып, мен жактоочум аркылуу тергөөнүн начар жүргөнүн, кемчиликтер көп экенин билдирдим, себеби мени алдап кетишкен үч айып алуучулардын иши чогуу каралбай, ар бири өзүнчө каралып жатканына нааразы болдум. Ошондуктан кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтүүнү, айып алуучулардын башка коргоо чарасын камакта калтырууну өтүндүм. Сот
өтүнүчүмдү канааттандырган жок.

Сот чечимине нааразы болуп, областтык сотко арыздандым. 2018-жылдын май айында өткөн ишти областтык сот алты айдан кийин 1-ноябрда карады. Бирок, сот ишти адилеттүү карап, менин өтүнүчүм канааттандырылды, ишти кайра кароого шаардык сотко жиберди.

Ошентип, шаардык сот карамак болду, бирок 4-,11-,14-декабрь күндөрү боло турган сот жыйынына айыпталуучу Н. Малабаев келбей койду. Анын жактоочусу арыз менен Жогорку сотко кайрылат. Убакытты созуу аракети көрүлөт. Ошону менен шаардык сот бул ишти караган жок.

Жогорку сот 2019-жылдын 29-январында Н. Малабаев менен Т. Сулайманкулованын көзөмөл тартиптеги даттануусун карап, аны канааттандырды. Сот жыйынын 2 минутада эле бүтүп калды. Сотко К.Э. Эсенканов төрагалык кылган, ал мурда да бул ишти карап, айпыталуучуларга жеңилдик берген токтом кабыл алган эле. Иш кайра шаардык сотко кетти.

Анан кайра Жалал-Абад шаардык соту карамак болуп, сотту 2019-жылдын 15-мартына дайындайт. Бирок, сот болбой калды, себебп айыпталуучу Н. Малабаев келбей калды. Сот 20-мартка калтырылды, бирок Н. Малабаев дагы келбеди. Анан биз 26-мартта Н. Малабаевди камакка алгыла деп өтүнүч келтирдик, бирок төрагалык кылган судья К.Т. Үмөталиев канааттандырган жок. Аргасыздан областтык сотко арыздандым, арызым 2019-жылдын 17- апрелинде каралып, ага Н. Малабаев келбей койду. Иш 22-апрелде кайра каралды, Н. Малабаевдин баш коргоо чарасы боюнча өтүнүч төрагалык кылуучу А. Абылакимов тарабынан канааттандыруусуз калды.

Иш кайрадан Жалал-Абад шаардык сотуна апрель айында келди, ал судья Сулайманова Элмиранын колуна тийди. Бирок сот 12-июнга чейин болгон жок. Биз сотко үч айыпталуучунун иши бир кылмыш ишине бириктирилсин, өз ара байланыштуу беп өтүнүч келтиргенбиз, бирок 12-июнда бул өтүнүч канааттандырылбады. Биз нааразы болуп, 17-июнь күнү областтык сотко апелляциялык арыз жаздык, бирок судья Э. Сулайманова аны албай койду, токтом чыгарды, себеби айыпталуучу Т. Сулайманкулова ооруп калган экен. Баш тартуу тууралуу шаардык соттун кызматкерлери тарабынан акты түзүлгөн. Кийин биз шаардык соттун жаңы төрагасы Калмамат уулу Алтынбекке арыздандык, ишти судья Жолон Абдрахмановго беришти. Июндагы арыз боюнча 18-июлга сот жараяны дайындалган эле, бирок менин жактоочум алмашкан себептүү жаңы жактоочу иш менен таанышканга чейин сот болбой калып, 7-августка жылдырылды. Бирок, 7-августта да болбой калды, себеби судья эмгек өргүүсүнө чыгып кетиптир. Ишти башка судья Апысовага тапшырышты, бирок ал да 22-августка белгиленген сот жараянын өткөргөн жок, себеби ооруп калыптыр. Жалал-Абад шаардык сотунан түңүлүп, Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Калыбеков Улубекке кирип, ишти башка аймактагы сотко жөнөтүүнү өтүндүм. Ал Сузак райондук сотуна жөнөтүү чечимин кабыл алды, бирок азырынча сот жараяны боло турган күн дайындала элек.

Ошентип, Жалал-Абад шаардык сотунун, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн, башка да инстанциядагы соттордун адилетсиздигинен, карапайым кишилердин тагдыры, түйшүгү, укугу жана мыйзамдуу кызыкчылыктары менен кызыгып да коюшпаганын жон терим менен сезип, көзүм менен көрдүм. Алдамчылардан көргөн кордугумдан да алардан мени коргой турган, менин укуктарым менен кызыкчылыктарымды коргой турган укук коргоо органдары менен сот органдарынын адилетсиз кордуктары өтүп кетти. Алар өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, жабырланган адамды ого бетер жабырланта тургандар экен.

Урматтуу Президент!

Тергөө тармагын, сот тармагын жакшылап көзөмөлдөсө болбойбу? Кантип эле Сиздин берген көрсөтмөлөрүңүз, тапшырмаларыңыз, Указдарыңыз, Сиз кол койгон мыйзамдар, Сиз көрсөткөн багыттар тергөөчүлөр, соттор тарабынан көңүлгө алынбай кала берет? Же Сиз башка мамлекетин Президенти болуп, алар таптакыр башка мамлекетте жашап жатышабы? Алар мамлекеттин ичинде өз алдынча башка мамлекет түзүп алышканбы?

Мамлекеттин айлыгын алып, кызматын аткарып жүргөн алдамчыларга, эл ичиндеги алдамчыларды колдоп жүргөн алдамчыларга сес көрсөтүүгө, аларды туура жолго салууга мамлекеттин күчү жетеби? Сиздин күчүңүз жетеби? Сизге дагы бир маалымат: мени канча жылдан бери какшатып келаткан алдамчы Нурбек Малабаев азыр Айыл чарба министрлигиндеги үрөөнчүлүк департаментинде жооптуу кызматта иштеп жатат. Бийлик структуралары бүт алдамчыларга толуп кеткенби? Тазалаш керек го.

Дагы бир фактыга көңүлүңүздү бургум келет. Быйыл 14-мартта жардам сурап Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кирдим, иш менен тааныштырдым. Ал жардам бермек болуп, областка текшерүү жөнөтмөк болду. Кийин Жалал-Абадга Э. Аспеков деген келиптир, баарын текшерип чыгыптыр. А мага болсо, сотко кайрылууга укугум бар экенин айтты. Андай укугум барлыгын ансыз деле мен билем, бирок соттор, тергөөчүлөр баарын теңирден тескери жасап, жабырлануучу болгон мени кордоп келатышса, мен эмне кылышым керек? Кайра эле Бишкекке барып, Ө. Жамшитовго кирмек болдум, бирок кире албадым. Э. Аспеков ачык эле Башкы прокурор мени кабыл албастыгын айтты. Өзү телефон аркылуу отпускада экенин билдирди. Ошентип, күйүгүп чуркап жүрүп, ден соолугум начарлады, сокур ичегиге чалдыгып, ал жарылып кеткендиктен 18- май күнү Бишкекте операция болдум. Башыма ушундай кыйынчылыктар түштү. Бир нерсеге түшүнбөйм: эмнеге коррупционерлер биринин артынан бири камалып, сурак берип, соттолуп да жатышат, келтирилген зыяндап өндүрүлүп жатат. Прокуратура, милиция, сот талаптагыдай иштейт. Бирок, менин маселемде да алдамчылар дайын, мага келтирилген зыян да дайын, алдамчылар алган акчаларын моюндарына да алып турушат, бирок аларды камап, соттоп, мага акчаларымды өндүрүп берген же милиция, прокуратура, же сот табылбайт. Алдамчыларга жан тартышат. Менимче, мунун себеби Сизде жатат. Анткени коорупционерлердин иши Сиздин көзөмөлүңүздө, ошондуктан бийликтер сопсонун иштешет. Бирок, мага окшогон карапайым жаранга келгенде укук коргоо жана сот системасы тескери иштей башташат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Көрүнүп тургандай, алдамчылдар ээн-эркин жүрүшөт, тергөөчүлөр менен соттор аларды калкалашууда. Сизден суранычым, мага жардам бериңизчи! Же укук коргоо органдары менен сот органдары менин кызыкчылыгымды камсыз кылып беришсин, Сиз ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып коюңузчу. Же анте албасаңыз, укук коргоо жана сот органдарынын бул ишке күчү жетпесе, мага мыйзам боюнча уруксат, укук бергиле, мен укуктарымды жана кызыкчылыктарымды өзүм камсыз кылып алайын. Кантип жана кай жерден алдамчылар менен сүйлөшүүнү ар бир адам жакшы билет, бирок мыйзам жол бербейт. Ал эми мыйзамды кармап отургандар алдамчыларды коргошот. Алдамчылар айыбын мойнуна алышууда, анда эмнеге мага акчаларымды өндүрүп бербей жатышат?

Дагы кошумчалай турган нерсе, Сиз 2019-жылы 21-февралда Сузак райондук акимчиликте эл менен жолугушукансыз. Ошол жерде мен арызымды Сиздин жардамчыңызга бергенмин, Сиз сөзсүз каралат дегенсиз. Андан кийин мен бул иш боюнча президенттик аппараттын сот реформасы боюнча эксперти А. Жунусовго да киргенмин, баарын түшүндүргөнмүн. Тилекке каршы, азырга чейин мындан таптакыр жыйынтык чыккан жок. Эгерде мамлекет башчысы Сиз аркылуу адилеттикке жетпесек, анда кайда барабыз?

Бирок, үзүлбөгөн үмүт деген бар, дагы бир жолу Сизден жардам күтөм.

Сизге ишенип кайрылган 55 жаштагы эне, Сотторго да, алдамчыга да алданган аял Сыланкан Егембердиева 3-сентябрь 2019-жыл. Жалал-Абад шаары.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *