Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева киного тартылды. Кимдин ролун аткарганын айтып берди
Коом

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева киного тартылды. Кимдин ролун аткарганын айтып берди

Коомдук ишмер, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт” аттуу кинокомедияга тартылды. Анда кимдин ролун ойногонун жана тасмага тартылууда кыйынчылык жаралган, жаралбаганын сурап, кайрылып калдык.

Саясатчынын айтымында, аталган кинодо укук коргоочунун ролун ойногон, киного тартылууда кыйынчылык жаралган эмес. Ага сунуш кинорежиссер, актриса Ырыс Жоомартовадан келип түшкөн. Кинонун аталашы жагып калып тартылганын баса белгиледи. “Мага негизи кинонун аталышы жагып калып, макул болгом. Сценарийи менен таанышсам дагы, эне-баланын мамилеси, дегеле кыздардын төрөттөрү жөнүндө экен. Азыр чынында эле кыздар турмушка жаш чыгып, бирок, төрөгөндөн качып калышпадыбы. Жаш кезде төрөп алганга не жетсин! Мына, мен төрөттөн калып, өкүнүп отурам. Кыздарыбызды турмушка узатып коюп, жолдошум экөөбүз жалгыз калдык, “сен чай кой, мен чай кой” болуп…”,-деп күлдү. “Бул кинодо азыркы кездеги келиндердин балага болгон мамилесинин ачуу чындыгы тартылган. Бир жагынан алганда, комедия, бир жагынан караганда, чындык. Муну көрүү керек. Жакында, 30-январдан баштап, Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлөт, барыныздар“,-дейт Т.Үмөталиева. Канча гонорар алганын сурасак, бекер эле тартылганын айтты.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады