Улам бир партияга “тийип” чыккан Каныбек Иманалиев жигитпи?

Парламенттин кечээги жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев Конституциянын шылтоосу менен какылдап-какылдап алды. Терең деле сөз айтпайт, болгону кур чечендикке салмай адаты бар. Кызык, Конституциялык реформа болуп атса, тетири кетип, өзүнүн туңгуюкка такалганын баарына таңуулагысы келгенин кантесиң? Анан да сүйлөсө жигитчилик, принциптен баштаганда жакаңды кармайсың! Айтор, кылган иши менен айтканы төп келбеген адамга теңелбейин дейсиң, бирок, элдин башын айлантып атса, кантип унчукпайсың?

Убагында Аскар Акаевдин пресс-катчысы болгон Каныбек Иманалиев эски режимдин убайын жакшы эле көргөн. Карьера жасап, депутат болуп, ага да алымсынбай, Акаевдин боштугунан пайдаланып, Бишкектин ичинен бир канча объектилерди каттатып алганы жалганбы? Бул боюнча күч органдары териштирүү иштерин баштагандай болду эле, бирок кийин эмнеден улам тынчып калганы белгисиз. Өз кезегинде Акаевдин үй-бүлөсүнө жагынып жүрүп, кийин алардын жакшылыгын унутуп, тетири кеткени аңыз кепке айланган.

“Май кармаган бармагын жалайт” дегендей, саясаттын даамын татып алган К.Иманалиев жеке кызыкчылыгы үчүн депутат болууга чамынып, кайсы гана партияларга “тийип” чыккан жок? Санайлы эмесе. Алгач, “Алга, Кыргызстанга” кирип, кийин “Туран” аттуу партиянын шыпыргысын көтөрүп, андан соң “Ар-намыс” аркылуу депутат болуп, Феликс Куловду сатып кеткенден кийин “Замандашка” өтүп, ал жерде көпкө токтобой “Кыргызстанга” кыпчылып, анан Канат Исаевден кагуу жегенден кийин “Ата Мекенге” өтө качкан. Мына жигиттин жүзү! Эми кайдагы принцип, намыс жөнүндө кеп сүйлөйт? Кайсы жерде “жылуу тешик” болсо, тырмышып киргенге маш! Жөн кирмек беле? Акаев доорунда ээлеп алган байлыгынан чукуп, ошону менен партия лидерлеринин чөнтөгүн толтуруп жүрөт да. Мына ушундай жол менен “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп отурат. Анан бизге бүгүн мораль айтканда аргасыздан баш чайкайсың. Айтмакчы, 2007-жылы К.Капашевич “Туран” партиясынан депутаттыкка аттанганда, КТРден Өмүрбек Текебаев менен теледебатка чыгып, экөө бири-бирин болушунча чукулап, ит жебеген пок жешкени эсибизде. Эми ошонун баарын жыйыштырып коюп, азыр уялбай “Ата Мекендин” желегинин астында мандат кучактап отурат. Мына, Каныбек Иманалиевдин кандай адам экенине баа берсеңер болот. Ушундай кубулма жүздүү, жеке керт башын гана ойлогон адам элдин келечегинен айланабы?

Кыскасы, Каныбек “баатырдын” саясаттагы жолуна учкай күбө болдуңар. Анан Конституцияны талкуулоодо сүйлөгөн сөзү айкашабы? “Көз таңмайдын” да чеги болуш керек го…

Тайбас Бекмуратов

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *