Улан Саляновдун өлүмү: бүгүн сот шектүүлөрдү суракка алат

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Бүгүн, 13-январда экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот  отуруму уланат. Отурум саат 11:00дө башталмакчы. Белгилүү болгондой, сот шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу менен башталат.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 6-ноябрында түн оокумда беткап кийген үч белгисиз немелер Бишкектеги “Көк-Жар” конушунда жайгашкан үйгө киришип, бөлмөлөрдүн биринен үй ээси Улан Саляновду тапанча менен атып өлтүрүшкөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *