Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби жарык көрдү

13-ноябрда “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” китеби аты аталган мекеменин жана “Сорос — Кыргызстан” фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү. Китептин бет ачарына журналисттин энеси, саясатчылар, парламент депутаттары, журналисттер, активисттер, кесиптештери, «Азаттыктын» жетекчилери жана университеттеги мугалимдери катышты.⠀

Китепте журналисттин макалалары, өмүр таржымалы жана кээ бир блогдору жазылган. Ал эми китептин орус тилиндеги котормосу быйыл декабрь айында чыгат.

Эскерте кетсек, “Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал өлкөдөгү коррупцияга байланыштуу жасаган иликтөөлөрү менен таанымал.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *