Улгайган дарыгерлер эмгек эргүүсүнө чыгуусу мүмкүн

Улгайган дарыгерлер эс алууга чыгуусу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Учурда дарыгерлердин жумушка транспорт менен барып келүүсү боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат. Ошондой эле вирусту жуктуруп алуу коркунучу бар улгайган жана жаш балдары бар дарыгерлер каалоосу болсо, эмгек өргүүсүн берүү каралып жатат. Ал эми өлкөдө абал курчуп, медицина кызматкерлери жетишсиз болуп жатса анда өргүүгө чыккан кызматкерлер кайра жумушка келет”, – деп билдирди Акматова.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *