Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Өндүрүш өнүкмөйүнчө – өлкө өнүкпөйт”

Улугбек Ормонов мырза кыргыз өндүрүш тармагы, өзүнүн жеке жашоосу тууралуу буларды айтты.

 –Улугбек мырза, канча жыл “Дастан” заводунда иштеп, кыргыз өнөр жайына эмгек сиӊирген ишмер катары айтсаӊыз, азыркы биздин өнөр жайдын өнүгүшүнө эмне жетпейт?

-Өндүрүш өнүкмөйүнчө – өлкө өнүкпөйт. Биз бардык завод- фабрикаларыбызды өткөөл мезгилде союз ыдырагандан кийин базарга айландырдык. Кыргызстан 26 жыл ичинде бир дагы ири ишкана салган жок. Өзүнүн турган территориясын өндүрүшүн сактап калган 2-3 эле завод калды. Бүгүнкү күндө “Ленин” жана “Дастан” заводдору базарга айланбай кичине болсо да өз ишин аткарып, өндүрүштүн түтүнүн булатып турат, бирок от болуп күйө элек. Буга себептер көп, мурдагы чоӊ ишканалардын баары кооперация менен курулган. Бүт тетиктерин союздун ар бир өлкөлөрүнөн Россия, Украина, ж.б. алып турган. Союз ыдырагандан кийин чоӊ заводдордун иши туруп калган. Мурда Кытайдан товар алып келип Кыргызстан аркылуу товар реэкспорт болуп кетип аткан болсо, азыр андай болбой калды. Ошондуктан, эми биз өндүрүштү өнүктүрүшүбүз керек. Биринчи саамалык Токмоктогу өндүрүш ишканасынын курулгандыгы. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жардамы менен мен билгенден 10 миллион долларлык жакшы ишкана курулду. Азыр биз ушуну токтотпой мындан ары өзүбүздүн кайра иштетүү жана өндүрүш ишканаларыбызды өнүктүрүшүбүз керек.

-Депутат болуп келгенден бери өнөр-жай тармагынын өнүгүшү үчүн кандай мыйзам долбоорлорду иштеп чыга алдыӊыз?

-6-чакырылышка мен май айында келдим. Азырынча мактанаарлык, көзгө басарлык чоӊ ишти айта албайм. Буга көп себеп бар. Биринчиден, башында биздин фракциябыз оппозицияда жүрдү. Күзүндө коалициянын курамына кирдик. Мыйзам менен эле бир нерсени оӊдоп кетебиз дегенден алысмын. Бизде мыйзам абдан көп, ал мыйзамдардын кандай иштеп атканын көзөмөлгө алып, мыйзамдын аткарылышын жолго салып алсак жакшы болмок. Мени өндүрүшчү катары кубандырганы – Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун өндүрүшкө басым кылып биринчи кадамдарын кое баштагандыгы. Ошол жаатта биздин фракция да фонддун ишмердүүлүгүн карап чыгып, өзүбүздүн ойлорубузду айттык. Ошондо кичи ишканаларга эмес, азыр иштеп аткан өнөр жайларды өнүктүрүү боюнча багыттарды карасаӊар деген оюмду айткам. Бизде андай багыттар абдан көп. Кайра иштетүү ишканаларыбыз үчүн этти алсак болот. Кыргыз эли илгертен эле мал чарбасы катуу өнүккөн өлкөлөрдүн бирине киребиз. Бүгүнкү күндөгү экологиялык таза азыктарга көӊүл бурулуп аткан учурда биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар.

-Сиздин партиялашыӊыз Акылбек Жапаров убагында малга паспорт беребиз деп чыкканда баары күлүштү эле, бирок сиз айткандай замандын талабы боюнча азыр бодо малдарга бирка басуу жүрүп жатат. Ушул туурасында сиздин оюӊузду уксак?

-Туура ой, туура эмес сөз менен айтылса өзгөрүп калат. Акылбек Үсөнбекович бул сунушту киргизген учурда паспорт маселеси Кыргызстанда өтө оор болчу, айлап күтүп, паспорттун жоктугу, паспорт ала албай, чет жактарга чыга албай элдин көбү кыйналып турган учур эле. Ошол маалда элге паспорт бере албай жатып, малга паспорт берет бекен деген маалымат тарап кеткен. Негизинен эӊ туура ой айтылган болчу. Эгер ошол маалда жакшылап ойлонуп, Акылбек Жапаровдун сунушун туура кабыл алганда, биз азыркы шартта мындай убара болбойт элек. Азыр бодо малдарга бирка басуу Кыргызстандын бардык жеринде жүрүп жатат. Менимче азыркы шартта мал ылаӊынан сактануу үчүн болгон аракеттер. Казакстан бизди эмне үчүн тосуп койду? Бизге малдарыӊарда оору жок деген толук кепилдик бергиле дешти. Бирка басылган малдардын ар биринин эмдөөдөн өткөн деген маалдыматтары болот.

-Убагында электротехник, инженер, экономист адистиктерин окуп бүтүрүптүрсүз. Бул кесиптериӊиздин кайсынысы сиздин турмушуӊузга пайдасын тийгизди?

-Воронеж шаарындагы Политехникалык институттун Физика техникалык факультетин бүтүргөм. Адистигим электрондук техниканын инженери. Ошол адистигим менен 20 жыл эмгектендим. Бизди Таш-Көмүрдөгү азыркы Кристалл, мурдагы прибор куруучу завод деп даярдалып жаткан заводго даярдашкан. СССР убагында мыйзамдуу экономика эмес беле, адистерди да он жыл мурун даярдачу. А бирок тилекке каршы биз окууну бүткөн маалда ал завод бүтпөй калып, мен Бишкектеги прибор куруучу заводго атайын жолдомо менен келип иштеп калдым. Ормонов Улугбек болуп бутума туруп калышыма биринчи кесибим абдан чоӊ жардам берди. Мастер болуп келип, кийин улуу мастер, чоӊ цехтин начальниги болгондо экономикалык адистик керек экендигин түшүндүм. Ошол учурда биздин Улуттук университетинин кечки окуусуна тапшырып, экономика факультетин бүтүрдүм. Бул эки адистик менин турмушума жолдомо берди десем болот. 2005-жылга чейин ишканада эмгектендим. 2005-жылы Жогорку Кеӊешке 1 мандаттуу округдан депутат болуп шайланып келгенден кийин ишиме байланыштуу Юридикалык академиянын сырттан окуу бөлүмүнөн юридикалык кесипке ээ болдум.

-Бир нече жылдан бери спорт тармагына көӊүл буруп, жаш жигиттерге колдоо көрсөтүп келесиз. Өзүӊүз спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?

-Бизде мен туулуп өскөн Өзгөн районунда волейбол абдан катуу өнүккөн. Андан кийин Көк бөрүнү мыкты ойношот. Мен мектепте окуп жүргөн кезде волейбол ойночумун. Мектептин, райондун курама командасында ойногом. Тилекке каршы заводдо иштеп жүргөндө (ал убакта иш оор болчу, эртеӊ менен саат 6да кирип, кечки 7-8де чыкчубуз) спорттун бир түрү менен системалуу түрдө машыга албай калдым.

2003-жылдан бери 1-2-май күндөрү атабыз Зулпукардын элесине арналган Өзгөн районунда спорттун 6 түрүнөн райондук спартакиада өтөт. Туугандарыбыз чогулуп жобо иштеп чыкканбыз. Жобо боюнча Өзгөн районунун  19 айыл өкмөтүнөн келип катышышат. Волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, күрөш, мурда көк бөрү бар эле, алар чырдуу оюндар болгондуктан мелдештен алып салдык.

-Трамп бийликке келгенден бери саясатчылардын көбү “Трамп никогда не сдается” деген китебин окуп жатышыптыр, сиз кайсы китепти окуп жатасыз?

-Трамптын Президент катары ийгилик сырлары али алдыда болуш керек. Бизнесмен катары калыптанган кишинин ким экендигин окуу албетте кызыктуу, бирок мен ал китепти окуй элекмин. Бүгүнкү күндө өзүм үчүн кызыгып Кыргыздар атуу китепти кайрадан барактап турган чагым. Санжырага, тарыхка көбүрөөк көӊүл бургум келип жатат. Кыргыздын түндүк-түштүк болуп бөлүнүп-жарылуусунун күч алгандыгынын тамырын билгим келип жатат. Бул бөлүнүүнү кантип жок кылабыз деген ой уйку бербей келет.

-Үй-бүлөӊүз, бир туугандарыӊыз, балдарыӊыз тууралуу билгибиз келип жатат?

-8 биртууган болчубуз, улуу агам каза болуп калып, азыр 7 биртууган барбыз. Жетөөбүздүн үчөөбүз Бишкекте болсок, төртөө Ошто. Саясатта мен элемин, мамлекеттик кызматта дагы бир эле бир тууганым бар. Калган туугандарым өздөрүнүн иштери менен алек. Өзүмдүн үй-бүлөм жөнүндө айта турган болсом, 4 балам бар. Келинчегим Токмоктон болот.

-Жубайыӊыз токмоктук казак эмеспи? Сураганымдын себеби, чоӊ саясатчылардын көбүнүн аялдары казак улутунан?..

-Келинчегим менен Воронежде окуп жүргөндө таанышкам. Кыргызстандык кыргыз деп эле үйлөнгөм, келгенден кийин кайнатам уйгур, кайненем кыргыз экенин билдим. Бирок алар кыргыз айылында өсүп калган. 1945-1949-жылдары Чыгыш Түркестан деген мамлекет болгон. Азыркы Кашкар, Үрүмчү. Кайнатам 1949-жылы мамлекет кураганда, Кыргызстанга качып келип кыргыздардын арасына туруп калып, кайненеме үйлөнүп 8 балалуу болушуптур. 4 уул, 4 кыз. 4 уулу теӊ кыргызга үйлөнсө, 4 кызы кыргызга турмушка чыгышкан.

Төлөбүбү Касымалиева

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *