Улукбек Маматаев, “Ак калпак” саясий партиясынын лидери: “Атамбаев өз мамлекетине кыянатчылык кылса кандай болоорун көрсөтүп койду”

– Атамбаевдин тагдырына өтө эле көңүл буруп, драмага айландыра бериштин кереги жок, “тайное становится явным” дегендей, бул киши да өзүнүн жүзүн акыры көрсөттү. Убагында Атамбаевге көп адамдар ишенген, тилекке каршы, аягында кадимки эле экстремист, террорист, адам өлтүргүчтөрдүн катарын толуктаганы турат. Мени Атамбаевдин мындан аркы тагдыры кызыктырбайт, мени мындан аркы Кыргызстандын келечеги кызыктырат, биз суверендүү мамлекет боло алабызбы же биздин тагдырыбызды башкалар чече береби? Башкаларга таянган Атамбаевдин тагдырын бүгүн көрүп атасыңар. Атамбаевге ырахмат, элге башка өлкөнүн башчыларына таянып, өз мамлекетине кыянатчылык кылса аягы кандай болот экенин көрсөтүп койду, бул башкаларга чоң сабак болуш керек.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *