Улукбек Маматаев: “Кетсин!” деген сөз үчүн эле камай беришсе, өлкөнүн жарым калкы абакка түшөт…”

“Ак калпак” саясий партиясынын лидери, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, абактагы саясатчыларды коргоо комитетинин төрагасы Улукбек Маматаев менен маек.

– Учурда мамлекеттик бийликти кулатуу аракетине айпыталып, камакта жаткан саясатчылардын укугун коргоо комитети түзүлүп, сиз жетектеп атыптырсыз. Демек, абактагы саясатчылардын акыбалы кандай болуп атат, аларга байланышкан сот процесстери кандай өтүп атат, кабарыңыз болсо керек?

– “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген айып менен абакка алынган саясатчылар тууралуу айта турган болсом, эң алды: “биз кандай мамлекетте жашап жатабыз?”- деген суроо туулат. Эгемен, укуктук мамлекетте жашап атабызбы, же ал кагаз жүзүндө калып, а реалдуу жашоодогу беттеген багытыбыз такыр башкабы? Эгер укуктук мамлекетте жашап аткан болсок, баарыбыздын укугубуз бирдей болушу керек эле да. Кыргызстан укуктук мамлекет болуп Акаев, Бакиевдин мезгилинен бери эле аталып келатат. Бирок, айтылган сөз менен жасаган иштер карама-каршы келип атканы да жашыруун эмес. Атамбаев дагы мурдагы президенттердин баскан изине түшүп, бийликтен кетерине аз калганда укукту тааныгысы келбей, өз көмөчүнө күл тартып тайсалдап баштады. Президентке сын айтып, кемчилигин сая көрсөтүп койгондун баарын камап атат. Азыр тогуз саясатчы УКМКнын абагында отурушат, ошол эле Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов ж.б. кандай айыптын негизинде камалганы да маалым. Алардын аракетинде кылмыш болгонуна эч кандай далил жок. Аларга тагылган 295-берене “бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо” деп аталат, мен юрист эмесмин, бирок баары  эч кандай аракет болбогонун айтып атышат. Түз жерден эле жасалма беренени чаптай коюшуп, буттан чалмай амалы колдонулганын куралсыз көз менен деле көрүүгө мүмкүн болуп атпайбы. Сотко күбө катары катыштым, ал жакта да койгон так айыптары жок. Эми өздөрүнүн баштары катып атса керек, соттоп жиберели дешсе, так далил жок, бошотуп салышса, булардын күнөөсү жок, ак жерден абакка отуруп чыгышты дегендик болуп калаарын жакшы билишет. Ак жерден отурушкан болсо, кылмыш ишин ким козгогон, ким баштаган болуп атып УКМКнын төрагасынан баштап катардагы кызматкерлерине чейин жоопкерчиликке тартуу зарылчылдыгы чыгып калбайбы. Эгер абактагы саясатчылар чындап эле төңкөрүш жасагылары келип, кандайдыр бир аракеттерге барышкан болсо, бийлик эмнеге жүзүн жаап атат – сот процессин ачык кылып таштасын. Мына мындай фактылар менен кармадык, мындай фактылар менен айып тактык деп айтсын. Процесс жабык эшик артында өтүп, тергөөчүлөр “күбөлөр келбей атат” деген шылтоо кармап алышты. А биз күбөлөргө телефон чалсак, “бизди эч ким кабардар кылган эмес” дешти. Жабык процесс болгондуктан, оппозиция мүчөлөрү өздөрүн коргой албай атышат. Эч ким киргизбейт, күбөлөрдү да бийликке ыңгайлууларын гана тандап чакырып жатышса кантип коргошсун?

Экинчи жагынан алып караганда, Б.Асанов, К.Кадыровду ж.б. камалган саясатчыларды бийликтин акырынан жем жеген маалымат каражаттары коркунучтуу кылмышкерден бетер жамандап жатышат. Алар тууралуу эмнелер гана айтылган жок. Бирок, адилеттүүлүк үчүн эмнеге бул инсандардын эл-жеринин келечеги үчүн жасаган иштери айтылбайт? Мына, Бектур Асановго 2010-жылдан бери “Кадыржан Батыров менен чогуу болгон, аны колдогон”- деген сөз айтылып келатат. Кечээ жакында “Азаттыкка” берген маегинде Кадыржан Кыргызстандан кимдердин жардамы менен качып кеткенин толук айтып берген. Бул сепаратистке Бектур Асановдун эч кандай тийешеси болбогонун ушул маек тастыктап турат. Өзү да Бектур абакта жатса да коркпой, Атамбаевдин бул сепаратист менен эң көп жолукканын айтып атпайбы. Мына ушул Асановду Кадыржанга чаптаган ушак кантип ураса, Бектурга тагылган айыптар да бир күнү жокко чыгат. Ал эми К.Кадыров оор, кыйын учурларда, Бакиевдик бийликтен коркпой, Атамбаевдин жанында, аны коргоп келгенин ким тана алат? Анын азабын тартып жүрдү. Ага учурунда колдоо көрсөткөнүнүн урматына эми Атамбаев анын өзүн каматып олтурганы кайсы адамгерчиликке жатат? Мен ишенем, чындыктын баары эртеби-кеч чыгат. Асанов да, Кадыров да, Талгарбеков да, башка камактагы саясатчылар да, толук акталат.

– Азыркы саясий кырдаалдын башкы темасы Конституцияны өзгөртүү болуп турат. Өзгөртүү киргизүү зарыл беле, же бийликтин бул багытта башка пландары барбы?

– Эмне себептен референдум өткөрүп, Конституцияны өзгөртө салалы деп атышкандары айтпаса да түшүнүктүү болуп турат. Буга чейин да биздин эки эркек президентибиз Конституцияны өзгөртө коелу деген шашылыш аракеттерге барышкан. Ошондо эле алардын бул кадамы өздөрүнүн бийликтеги өмүрүн мүмкүн болушунча узагыраак сактоо далбасасы экенин элдин баары түшүнгөн. Бүгүнкү бийлик да так ошол жол менен эле баратат. Атамбаевдин бийликте бир жылдай эле убактысы калды. Беш жыл ушул Конституция менен жашап келдик, эми бийлигинин бир жылы калганда “өзгөртөт элем” деп чабылып-чарпыла бербей, тынч иштеп, мыйзамдуу тапшырып кетип калганда, тарыхта “бийликтеги жылдарында Конституцияга тийишпеген биринчи президент” болуп   калмак. Өзү “мага башка бийликтин кереги жок, бир жыл чыдасам өткөрүп берем да, ардактуу эс алууга кетем “деп айтып атат. Айтканы чын болсо, кетер чакта Башмыйзамга өзгөртүү киргизип эмне кылат? Ушунчалык эле өзгөртүүлөр учурдун талабы болуп атса, кийинки президент өткөрүп ала берет да. Азыркы сунушталып аткан вариантын баары эле окуган эмес. Карапайым эл эмес, кайсы берене, кайсы пункт өзгөрүп атканын парламенттин ичиндеги кээ бир депутаттар да түшүнбөйт. Бул жөн гана бийликтеги таасирди дагы көп жылдарга сактап калуунун амалы. Кызыкчылыктарды ишке ашыруунун жылчык-тешиктерин издеп атышат.

– Бир кездерде чогуу-чаран бир командада жүргөн санаалаштардын карама каршылыгы күчөгөндөн күчөп баратат. Бул карама-каршылыктагы президенттин кадамына кандай баа бересиз?

– 31-августта Атамбаев бир кездеги санаалаштарына карата катуу сын айтып таштады. Негизи эле ал жерде ошондой сөздөрдү сүйлөөгө болот беле? Анчалык эле чындык үчүн күйүп аткан болсо, беш жыл мурда эмнеге унчукпай отурган? “Булар туура эмес кылып атат, референдум өткөрөбүз дегендери да, Отунбаеваны шайлап аткандары да мыйзамга туура келбейт. Мен буларга кошулбайм”, – деп жар салып чыкпайт беле. 2012-жылы Атамбаевдин “Биз ушул Конституция менен иштейбиз, өзгөртүүнүн эч кандай кажети жок”, – деп айтканы интернет желесинде илинип турат. Арадан төрт жыл өтпөй кайра кандай муктаждык жаралып калды? Бул суроолорго так жооп да жок. Атамбаев санаалаштарына айып такса, санаалаштары Атамбаевге кайра “таш” ыргытып атышат. Бул саясатчылар бири бирин жакшы билишет, жетелешип жүрүшкөн, керек болсо эми деле мамилелерин оңдоп ала беришет. Жакшы билгенден кийин бири бири тууралуу айтылган сөздөрдө сөзсүз чындыктын үлүшү болот. Бизде биринчи кезекте саясий элита алмашышы керек, антпесе көйгөй улана берет.

– Эл арасында “Текебаев жаңы сунушталып аткан Конституциянын автору болбой калганы үчүн эле өзгөртүүгө каршы чыгып атат” деген сөз бар. Ага кандай карайсыз?

– Мен антип ойлобойм, анткени Текебаев “2020-жылга чейин күтөлү” деп атат. Ал  президенттин ордунда болсо деле ушул сөзүн айтат болушу керек эле.  Текебаев ушул позициясынан кайтпай тургандыгынан улам, мамлекет башчы экөөсүнүн ортосунда карама каршылык жаралса керек. Андан кийин 31-августта айтылган сөз тирешүүгө май куйгандай болду.

– Атамбаев мародерчулук боюнча иштерди кайра тергетип, бир кездеги пикирлештерин айыптап атат. Ошол эле убакта экинчи тарап да бир катар  кылмыштарга Атамбаевди айыптуу кылып коюшту. Сиздин оюңузча чындык кайсы тарапта?

– Футболдо эки команда болот, азыр топ Атамбаевдин командасы тарапта. Текебаев фактылар менен Атамбаев куруп аткан үйдүн тарыхын иретке салып эл алдына жайып берди. Курултайда да бир катар сөздөр айтылды, Кыргызстандын тышкы саясаты жардын учунда экен, Түркиянын президентинин билдирүүсү да белгиленди. Менимче, Текебаев тажрыйбалуу саясатчы – ал далилсиз эч нерсе айтпайт болушу керек.

– Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишин, Батукаевдин абактан эрте бошотулушун президентке байланыштырып салышты. Бул маалыматтарга ишенүүгө болобу?

– Батыров акыркы убакта катуу “популярдуу”  болду. Баарылап атышып аны дагы бир жолу сахнага алып чыгышты. Кадырдан Батыров өзү кандайча өлкөдөн чыгып кеткенин айтып атып, “мени кетип кал деп суранышкан” деп атпайбы. Мында Текебаевдин айткандары чын чыгып атат да. “Эч качан Батыров менен жолугушкан эмесмин”- дегени тастыкталды. Эмилбек Каптагаевдин айткандары да чын экени белгилүү болду. Ал эми Атамбаев тууралуу болсо Батыров “кийинчерээк айтам” дебедиби. Каршылаштардын бири бирине коюп аткан дооматтары тастыкталса, Атамбаев баш болуп, ар ким өз кылмышына жараша жазасын алышы керек. Бир эсептен карап көрсөң, кайдагы бир сепаратисттин сөзүнө ишенип, кыргыздын эки чоң саясатчысынын кырды бычак болуп атканы өкүнүчтүү. Биз бул чырыбыз менен дүйнөлүк коомчулукка уят болуп атабыз. Ушунун баарын сыртка чыгарып, эл алдында чырдашпай эле, ич ара чечишип алышса болбойт беле?

– Улуттук курултайда бир топ талаптар айтылды. Эми айтылгандар бийликке таасир береби? Негизи бул курултай жалпы элдин ой-тилегин камтыдыбы, же бир ууч саясатчылардын чогулушу гана болуп калдыбы?

– Элдин көйгөйү чагылдырылды деп ойлойм. Парламентте референдум боюнча талкуу болду, демилгечилер эл ынана тургандай кылып чыгарышса, эч ким каяша айта алмак эмес. Тескерсинче, демилгелеген мыйзам долбоорун өздөрү жакшы билбей, суроолорго жооп бере алышпай коюшту. Ошентип, өзгөртүү жалпы элге эмес, бир кишиге жана анын айланасындагы азганак топко керек экени түшүнүктүү болду. Демек, мындай шартта Элдик курултай өткөрүү элдин үнүн жеткирүү болуп саналат.

– “Кыргызстанды президент эмес, шоопуру башкарат” деп бизге берген бир маегиңизде айттыңыз эле. Президенттин кадр саясаты көңүлүңүзгө толобу?

– “Кыргызстанды шоопур башкарат” деген сөздүн автору мен эмесмин, эл ичинде айтылып аткан эле сөз. Курултайда да Текебаев “Биз Конституцияны Фарид же Икрам үчүн жазганбызбы?”-деп айтты. Кадр саясатына ыраазы эмесмин, бир гана мен эмес, эл да нааразы. КСДПнын мүчөсү жок бир министрлик же агенттикти көрсөтүп берчи. Башкаргандын баары КСДПдан болуп атат. Койгон кадрларды карагыла, кесипкөйлөр жок. Генерал Марат Иманкулов “УКМКнын ашмалтайы чыгып кетти “деп пикирин билдирди. Аны колдойм, Сегизбаев чекист болбосо же мурда-кийин бул тармакта иштеп көрбөсө ашмалтайын чыгарбаганда эмне кылат. Улуттук коопсуздук комитети Атамбаевдин жеке мекемесине айланган. Ар бир тармак саясаттан алыс болуп, өз милдетин так аткарса жылыш болмок.

– “Бийлик каалаганын жасап атат” дейбиз, күчтүү оппозициянын жоктугу буга себеп болуп атабы? Оппозициянын бир катар мүчөлөрү камалгандан кийин Улуттук оппозициялык кыймылдын да ишмердүүлүгү токтоп калды. Сиздин оюңузча чыныгы күчтүү оппозицияны кантип түзүүгө болот жана анын башында ким турушу керек?

– Туура, күчтүү оппозиция бир учурда жок болду, Бакиев кеткенден кийин баары бир команда болушуп, оппозиция болуп чыкканга зарылчылдык болгон эмес. Азыр болсо кыйкыргандын баарын абакка тыгып атат. Акаевдин да, Бакиевдин да убагында оппозиция болуп келген жана боло берет. Анан эле “оппозиция десе эле камап салыш керек” деген түшүнүктү кармап алуу не шумдук! Кылмыш сөздөн эмес, кыймыл-аракеттен кармалат. “Кетсин!” деген сөз үчүн камайм десе, өлкөнүн жарым калкы абакка түшөт. Ушундай аракеттер күчтүү оппозицияны азыр кайра курап баштады. Мезгил ошону талап кыла баштады.

– Күчкө салып референдум өткөрүлсө, тирешүү мындан да курчуп кетет деп ойлойсузбу? Аягы бийлик алмашууга жетпейби?

– Күч менен алмашылган бийлик кайра эле күч менен алмашат. Ошондуктан, укуктук талаага келишибиз керек. Менин оюмча, Конституцияны өзгөртүп деле салышат, референдумду өткөрүп дагы алышат. Ызы-чуу чыкпай деле кое берет. Бирок, Атамбаев элдин эсинде Акаев, Бакиевден айырмасы жок өлкө башчысы катары калат.

Маектешкен Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *