Видео – Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Премьер-министрге атайын кат менен кайрылсам, өкмөттүн аппараты ошол маселени чечүү боюнча кайра мага тапшырма берди”

Бүгүн, 16-январь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Улукбек Ормонов Мухаммедкалый Абылгазиевге атайын кат менен кайрылса, өкмөттүн аппараты кайра өзүнө тапшырма катары жөнөткөнүн айтты.

“2019-жылдын 6-декабрында Өкмөт башчыга мектептин атайын чечилбеген маселери боюнча кат менен кайрылгам. Премьер-министр окудубу же жокпу билбейм. Өкмөттүн аппаратынын жооптуу кызматкеринен кат келди, ал мага ошол маселени чечүү боюнча тапшырма бериптир. Мен премьер-министрге жөнөткөн катым кайра мага тапшырма болуп келип жатат. Өкмөттүн аппараты ушундай иштейт. Алар каттын маанисин дагы карашпайт. Биз кайрылган маселелер боюнча кайра бизге тапшырма берип жатышса, анан ал маселелер качан, кантип чечилет?” – деди депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *