Улуттук баалуулуктарыбызга “сийип кеткен” алкомаграттардын тизгинин какпайлыбы?

Каргыш тийгир арак деген неме улуттук баалуулуктарыбыздын таш-талканын чыгарып бүтмөй болду. Жарандарыбызды туура жолдон адаштырып, аң-сезим, ден-соолугун талкалаганы аз келгенсип эми «аракбаш» бизнесмендер «Бакай», «Кошой» деген арак, «Семетей», «Ала Тоо» аталышындагы коньяктарды чыгарышууда. Башкасын айтпаганда дагы ыйык динибизде деле бу атың өчүр арак-шарапты чыгаргандаргаЖараткан катаалжа-за берээри турган иш. А биздин алкомагнат-тар жинди сууну чыгарганына канааттанбай, алардын ар бирине баатыр бабаларыбыздын ысьдаын ыроолоп жатышканы кайсы логикага сыят? Арам дүйнөнүн айынан эт-бетинен кетишип, бизнестин кызыкчылыгы үчүн улуттук духтагы баатырлардын ысымын жинди сууга ыроологондор Кудай-арбактан коркушпайбы? Эй, кичине ойлонушпайбы? Арак ичип, аны саткандар эле эмес, жинди сууну негиздеген кожоюндар акыретке чейин эле бул жалгандан жакшы болушпасын дал ушул бизнестин артынан түшкөндөрдүн мисалынан көрүп жатабыз го! Албетте, биз коомго коркунуч келтирген мындай көрүнүштү азырынча эл сынына коюу менен коңгуроо кагып турубуз. Эң болбоду дегенде, буларды мыйзам менен көзөмөлдөбөсөк болбойт го, ыя?

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *