Улуттук банк валюта курсун турукташтыруу үчүн 12 миллион 900 миң доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта курсун турукташтыруу үчүн 12 миллион 900 миң доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Кечээ, 12-ноябрда Улуттук банк ушул айда экинчи ирет интервенция жасады. Улуттук банк интервенцияны түрдүү кырдаалдарда жасап турат. Анын негизги себептеринин бири-сомдун кунун кармап туруу. Буга чейин 5-ноябрда 10 миллион 850 миң доллар сатылган.

Бул айда жалпы 23 миллион 750 миң доллар сатылды.

Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунан 20 миллион 550миң доллар сатып алып,76 миллион саткан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *