Улуттук энергохолдингдин экс-төрагасы Айбек Калиев кармалды

Бүгүн, 18-апрелде “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу иштериндеги коррупция фактылары боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүкчөсү) козголгон кылмыш ишинин алкагында  шектүү катары “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун экс-төрагасы Айбек Калиев кармалды. Бул тууралу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда Айбек Калиев КР УКМКнын убактылуу абагына олтургузулду. Тергөө улантылууда.

1 ой-пикир

  • арап says:

    Байкуш Айбек, “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Текебаев ушундай кемчилидктердин кетирилип жатканын, таянган тоонор кулаганда жооп береринерди унутпагыла дененин эми эстегендир. Ал кезде Текебаевди шефтерине жамандап, ишке тоскоол болуп атат деп атышып, акыры каматып тынышкан. Чындык, актык эртели кеч ачыкталат, мумкун Айбекти кемчилдик кетирууго аргасыз кылгандар да бардыр…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *