Улуу улустун атасы

Быйыл улуу улус – кайраттуу Алтын Ордонун курулганына 750 жыл толду. Буга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Алтын Ордонун 750 жылдыгын баркына жараша жакшылап белгилөөнү жана мамлекеттин негиздөөчүсү Жучу хан ысымын улуктоо тууралуу сөздөрүн чын ыкласыбыз менен кабыл алдык.

Жучу хан (1180-1227-жж.) түптөгөн, Алтайдан Альпы тоолоруна, Иртыштын Дунайга чейинки аймакга бийлик жүргүзгөн, Дешти-Кыпчак талаасында чамгарак көтөргөн алп мамлекет алгач Улуу улус деп аталды. Кийин бул аталыш орус, славян, батыш булактарында хан ордосунун алтын менен көмкөрүлгөн ордолук ак өргөөсүнө карап Алтын ордо деп аталып кетти.

Тамырлуу тарыхыбыздын олуттуу мезгилин камтыган Улуу улус Казак хандыгынын башаты болуп саналат. Анын бай тырыхы казак талаасы менен жана калкыбыздын негизин түзгөн уруулар менен тыгыз байланышта. Бирок журтчулуктун көбү, асыресе, чет элдиктер Улустун атасы Жучу хандын мүрзөсү Улытауда жатканын биле бербейт. Бул эстеликтин Чыңгыз хан менен анын тукумунан жер бетинде калган жалгыз белги экенинен көбүбүз кабарсызбыз. Ага 2017-жылы Улытауга жасаган эл аралык экспедиция учурунда көзүбүз жетти. Улуу каган менен Жучунун урпактары тургай кечээги Казак хандыгынын негизин түзгөн атактуу кишилерден көзгө көрүнөрлүк, акыл-эске уютку болуп, жаңыртуучу эстелик-белги такыр калган жокпу? Андай болсо, Сарыарканын кең талаасынын төрүндө кылымдардан бери көөнөнүн көзүнө, алтын аңыздын сөзүнө айланган бул ыйык эстеликтин кастарлуу казак талаасынын Алтын Ордонун мураскору экенин айгинелеп турганы анык!

Жучу хандын табышмагы

Жучу – жолчу, жолоочу, конок деген маанини туюндурат. Анын жолдо бул дүйнөгө келгени, энесинин узак убакыт меркит уруусунун арасында туткун болгону, ошондуктан, тегинин де “күмөндүү” экендигине байланыштуу ар түрдүү аңгемелер кап айтылды. Көбүнчө, буга далил катары Чыңгыз хандын меркиттер менен болгон согушун далилге чыгарышат. Ал Жучу хандын бул тарыхын айтылуу Рашид ад-дин (1247 – 1318-жж.) “Жами ат-тава-рих” чыгармасында мындайча баяндайт: “Жучу хан Чыңгыз хандын уулдарынын ичинен эң улуусу эле. Чыңгыз хандын аялы Бөрте айым Жучу ханга жүктүү болот. Ошол убакта меркит уруусу ыңгайлуу учурду таап, Чыңгыз хандын үйүн тоноп, анын кош бойлуу аялын да туткунга алып кетти. Бул уруу ошого чейин керейит ханы Оң хан менен душман болуп, доолашып келген болсо да, ошол кезде алардын арасында бейпилчилик (тынчтык) орногон эле. Ошондуктан, алар Бөрте айымды Оң ханга жиберди. Ал Чыңгыз хандын атасы менен экөө дос болгондукган ары Чыңгыз ханды уулум деп атагандыктан, “Бөрте айымды сыйлачу, ары урмат кылчу” деп жазат, бул жагдайдан кабардар болгон Чыңгыз хандын Оң ханга Бөрте ханымды кайтарып берүү тууралуу өтүнүч менен жалайыр уруусунан чыккан Саба аттуу башчыны жибергени тууралуу баяндайт. Оң хан Бөртеге камкорлук жасап, аны Саба менен бирге кайтарган. Ары карай Рашид ад-дин минтип улайт: “Жолдо кокустан дүйнөгө уул төрөдү, ошол себептен аны Жучу (Жолчу) деп атады. Жол кооптуу болгондуктан бешик жасап жиберүү кыйын эле. Саба бираз жумшак камыр ийлеп, ага баланы ороп алды да, аны өзүнүн этегине салып алды. Ал аны абайлап алып жүрүп, Чыңгыз ханга жеткизди. Жучу өскөндө ар дайым атасы менен бирге жүрдү жана жыргалчылык кезде да, кыйынчылык кезде да дайым анын жанында болду”.

Демек, Бөрте туткунга түшкөнгө чейин боюна бүткөн, ал кош бойлуу келинчекти меркиттер Оң ханга берген. Чыңгыз ханды уулундай көргөн керей ханы аны эрине кайтарган. Бул маалымат Моңголдун купуя санжырасында жана Мырза Улукбектин “Улус-и ар-ба-и Чингизи”, Абулгази Бахадур хандын “Түрк санжырасы”, Кадыргали би Жалайыринин “Жамиат-таварих” эмгектеринде кайталанат. Мырза Улукбек туткунга түшкөндө Бөртенин алты айлык жуктүү болгонун жазып: “Улуу Сахиб-и Кыран Чыңгыз хандын мээримдүүлүгү, махабаты менен жакшы ниеттүүлүгү ошончолук, Чагатай менен Угедей кызганычтан ушундай жалганды ойлоп тапты” деп, алардын Жучуга жалаа жапканын айтат. Ошентип, Жучунун тегине байланыштуу күмөндүн болбошу керек деп ойлойбуз. Өзү аалым, өзү хан Улукбек “Чыңгыз хан Жучуну өзгө уулдары менен кыздарынан көбүрөөк жакшы көрдү” дейт. Бул туура сөз сыяктуу. Маселен, “Моңголдун купуя санжырасына” кайрылсак, Коён жылы (1207) оң канат аскери менен Ормон элине аттанган Жучу дипломатиялык жол менен ойрот менен кыргызды багындырып кайтканда Чыңгыз хан сүйүнүп: “Уулдарымдын агасы, сен үйдөн чыга салып, жолуң болуп, барган жериңде эрди жаралабай, жылкыны, кыйнабай, ырыстуу Ормон эл-журтун түгөл багындырып келдиң. Ушул эл-журтту сага берейин”, деп жарлык кылганы баяндалат. Бул – улуу кагандын уулу менен сыймыктанып, ишенгенин, болочок мураскор иретинде үмүт артканын көрсөтөт. Жучу мындан кийин Дешти-Кыпчак талаасы менен Сартаулга (Хорезмге) жасаган жортуулдардын башында жүрдү. Ал бардык сапарларынан жалаң гана жеңиш менен кайтты. Перс тарыхчысы Жузжани (1226) өз эмгегинде “Чыңгыз  хандын улуу уулу өтө тайманбас, кайсар, эр жүрөк жоокер болду. Анын күч-кубаты ошончолук, атасы да андан сезгенчү эле” дейт.

Дүйнөгө келүүсү көп аңгемеге негиз болгон Жучунун өмүрү да, өлүмү да табышмак. Өтөмүш ажы “Чыңгызнаме” чыгармасында “Чыңгыз хан бир тарабы Багдад, экинчиси Ындыстан, үчүнчүсү Дешти-Кыпчак менен Эдил дарыясы болгон аймактарды басып алгандан кийин, ушул аймактарды өзүнүн уулдарына бөлүп берди… Жучу хан уулдарынын улуусу эле. Чыңгыз хан ага чоң аскер берди да, Дешти-Кыпчак аймагына дайындап жиберди: “Аттарыңа жайыт болсун” деп Хорезм аймагын дагы берди. Жучу хан Дешти-Кыпчакка бет алып, айтылуу Улытауга жетти. Бир күнү тоодо аң уулап жүргөндө  бир үйүр марал-кийик кездешет. Аңды кубалап жүрүп, атарда ал атынан жыгылды да, ошодон моюну үзүлүп, мерт кетти” деп жазат. А Улукбек “…Ордого  Жучу хандын өлүмү тууралуу кабар келгенде, кабарды улук Сахиб-и Кыран Чыңгыз ханга жеткизүүгө эч кимдин дити барбады. Акыры амирлер бир чечимге келди: ханга жакын  улук амирлердин бири Улуу ырчыдан бул кабарды мүмкүн болушунча жеткизүүсүн сурануу. Ошондон соң улук Чыңгыз хан ыр айтууга буюрганда, Улуу ырчы ыңгайлуу убакыт таап жеткизгенин” жазат. Ары карай окуя мындайча өөрчүдү:

“Деңиз баштан булганды, ким тундурар, а ханым?

Терек түптөн жыгылды, ким тургузар, а ханым?” – деп сурайт ырчы.

Чыңгыз хан буга:

“Деңиз баштан булганса, тундурар уулум Жучудур,

Терек түптөн жыгылса, тургузар уулум Жучудур” – деп жооп берет.

Бирок ырчы өзүнүн ырын кайталай берип, көзүнөн жаш агып турду. Муну көргөн Чыңгыз хан шектенип:

Ырың көңүл үркүтөр, Жучу уулум өлдүбү? – деп сурайт.

Ошондо ырчы Чыңгыз ханга карап:

Сүйлөмөккө эрким жок, сен сүйлөдүң, а ханым?

Өз эркиң менен өзүңө жооп бердиң, а ханым? – деген экен кайгырып.

Ошол кезде Чыңгыз хан да:

Кулуну өлгөн куландай, кулунуман айрылдым,

Айрылашкан аккуудай, эр уулумдан айрылдым! – деп жоктогон экен.

Бул булак казак аңыздары менен да шайкеш келет. Атактуу Жүсип Көпей уулу: “Алаша хандын Жучу хан деген жалгыз баласы болуптур. Кулан кууйм деп, бала астындагы аты жээлигип, куландын аңгисин ээрчип, казасы ошондон болуп, бала аттан жыгылып, кулан тээп өлтүрүптүр.

Алаша хан, Жучу хан,

Аксак кулан???

Кулап тээп өлтүрдү,

Буйругун актан келтирди, – деген сөз ошондон калган” – деген булакты айтат.

Элдик күү “Аксак кулан” да ушул аңыз менен үндөш болуп чыккан. Мында улуу ырчы Кетбука, Кербуга күүчү деп аталат. Бир гана мурунку булакта Чыңгыз хан өзүн “кулуну өлгөн куланга” теңеп отурса, элдик фольклордо Жучунун ажалы куландан болгон. Бул аңызга ишенсек, Аркадагы Алаша хан – Жучу хандын атасы болуп чыгат.

Жучунун өлүмү тууралуу Рашид ад-диндин да маалыматы кызык. Ал Отрарды алгандан кийин атасынын буйругун укпай, өз менчигиндеги элге кетип калган Жучуга Чыңгыз хандын ачууланып, “өлүмгө кесем, ага мээрим болбос!” дегенин жазат. Ушул булакка таянсак, Жучу көп узабай сыркоолоп калган, ошентип атасынан кечирим сурап, анын чакырууларына бара алган эмес. Акыркы жолу чакыруу жиберип келбегенде алдына чыккан бир мангут Жучунун тоодо аңуулап жүргөнүн айтат. Буга ачууланып, “ал бүлүк чыгарып, атасынын сөзүнө маани бербей калган экен” деп ойлогон Чыңгыз хан Жучуну жазалоо үчүн Чагатай менен Угедей баштаган аскерге жортуулга чыгууга буйрук берет.

Өзү да жортуулга аттанмак болуп турганда Жучунун оорудан кайтыш болгонун угуп, катуу капа болот. Кийин алиги жалган айткан мангытты издеткени менен, аны таба албайт. Чыңгыз хан менен анын аймагы жөнүндөгү эң ишеничтүү жылнаамалар жыйнагы ушундай дейт. Буга карап Чагатай менен Угедейдин тукуругу менен Чыңгыз хан менен Жучунун арасы сууп кеткенин аңдоого болот. Алиги мангутты Жучунун эки иниси атайын жибериши өтө мүмкүн. Ошондуктан, Чыңгыз хан Жучуну “тагымды талашат” деген күдүк менен изчилери аркылуу өзү өлтүрдү деген да божомол бар.

(уландысы бар)

Дархан Кыдырали, Эл аралык Түрк академиясынын президенти, профессор

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *