“Ун падышаларынын” кесепети өлкөгө тийүүдө

Президент Алмазбек Атамбаев Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында “Ун падышаларынын айынан Кыргызстан Эл аралык валюта фондунан грант ала албай калат окшойт” – деп билдирди. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, айрым депутаттар өзүнүн капчыгы жана бизнесинин кызыкчылыгын көздөшүүдө. Мунун айынан Кыргызстанга Эл аралык валюта фонду грант бербей калышы мүмкүн. Бул туурасында: “Көпчүлүк адамдар Жогорку Кеңешке өзүнүн бизнесинин кызыкчылыгы үчүн келет. Бизнесмендер өзүнүн иши менен алектенип, Жогорку Кеңешке чынчыл, мыйзам жаза билген билимдүү кишилер келиши керек”, – деп баса белгиледи. Буга чейин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Эл аралык валюта фондунун башчысы Эдвард Жемайэль унга болгон кошумча нарк салыгын кыскартуу керектигин айтып, бул өлкөнүн кызыкчылыгына эмес, жеке жактардын пайдасына кетип жатканын билдирген. Өлкө башчысы «ун падышалары» деп Чыныбай Турсунбеков менен Бакыт Төрөбаев, Шаршенбек Абдыкеримовду айтып жатканын элдин баары билишти…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *