Унааларга бажы төлөмүн көбөйтпөй туруу сунушталды

Мамлекеттик бажы кызматы кийинки жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирген болчу. Бул аракет сырттан унаа ташыган жана ички унаа керектөөчүлөрдү катуу санаага салган эле. Өлкөдө унаанын жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтү үшул жылдын 31-декабрында аяктайт. 2020-жылдын 1-январынан тарта Бирдиктүү бажы тарифи күчүнө кирет. Кыргызстандын өкмөтү жылдын аягына чейин ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден алып келинген автоунаанын бажы төлөмү боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартуу маселеси менен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө кайрылууну пландап жатканын Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Алмаз Сазбаков билдирди. “Жыл этегине чейин кайрылабыз, маселе ЕАЭБдин аянтында чечилет. Биз үчүн эң башкысы алып таштоого уруксат беришсе, ал эми тариф кандай болорун өзүбүз чечебиз”, — деди ал.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *