Уран маселеси элди уктатпай келет

Өткөн жумада Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу түзүлгөн өкмөттүк комиссия жеринде болуп, андагы иштер менен таанышты.

Жаңы түзүлгөн комиссиянын курамына министрлер баш болгон жетекчилер, Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Тоң, Кочкор райондорунун акимдери, тийиштүү айыл өкмөт башчылары болуп 20дай киши кирген.

Аталган комиссиянын төрагасы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов болсо, комиссиянын курамында теңтөрагалар катары Мамэкотехинспекциясынын жетекчиси Жолдошбек Жунушов, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов болгон.

Алардын маалыматына таянсак, комиссия бул жерде ар тараптуу иликтөө иштерин жүргүзөт. Анда бул жердеги иштердин адамдын ден-соолугуна тийгизген таасиринен баштап айлана-чөйрөгө келтирген зыяны, шамалдын ылдамдыгы, багыты сыяктуу маселелердин баары такталып, талданып жыйынтык чыгарылат.

Эмил Осмонбетов бул комиссия атайын түзүлгөнүн жана эгерде ал жердеги иштер экологияга зыян келтиргидей болсо, комиссия ишти баштоого уруксат бербей турганын, буга карата Өкмөттүн да талабы катуу экенин айтты. «Бул жерди чалгындоо ишине 2010-жылы 10 жылдык мөөнөт менен лицензия берилген. Андыктан, булар мыйзам чегинде иштеп жатышат”. Алар изилдөөгө алынган бир аянтчасы 43 миң гектарга жакын, кен байлыктын 12 түрү топтолгон. Бүгүнкү күндө булар анын бирөөсүн изилдөөдөн өткөрүштү. Бул комиссия иш жүргүзгөн соң кен иштейби же иштебейби деген маселе боюнча чечим кабыл алынат. Эгерде зыян болсо, албетте, анда уруксат берилбейт», -деди ал.

Ал эми, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов мында хвостохранилища болбой турганын кошумчалады. Ал: «Комиссия мында урандын канча запасы бар, ал кандай жол менен алынат, карайт. Бул жерде уранды казып, ташып кетүүдө эч кандай химикат колдонулбайт. Гравитациялык ыкмада пайдалуу кендер химиялык заттар колдонулбастан алынат. Бир гана жүгүртмө суулар пайдаланылып, Кара-Балтада иштетилет», – деп билдирди. Комиссия мүчөлөрү кендин аймагы менен таанышып жатканда, уран кенинин лагери жайгашкан жерге тургундар келип, нааразылыгын билдиришти.

Балыкчы шаарынын тургуну Марат Акатов «Юразия в Кыргызстане» 2 жарым эле пайызга ээ экенин, чалгындоо иштери үчүн алган лицензия менен кенди казуу иши жүрүп жатканын айтты. «Биз буга чейин уран казылбасын деп митингдерди уюштуруп келгенбиз. Анда бул иш боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзсүн деп талап койгонбуз. Бирок, бизге официалдуу жооп келген жок. Бүгүн комиссия мында келерин жарым саат калганда уктук. Тиги карьерди силерге көрсөтүшкөн жок, ошол жерди барып көргүлө. Булар уранды чалгындабай эле, 250 метр жерди тереңдетип казышкан. Бул уран деген ажыдаар, элдин баарын тукум курут кылат! Ушуга алып келатат. Ошонун башы башталып жатат, көрүп койгула. Туризмге да чоң зыяны тиет! Уран казылса, онкологиялык оорулар көбөйөт», -деген ал кенде иш башталса, алма-өрүккө да зыяны тиерин айтты.

Лицензия тууралуу Уран кенин чалгындап жаткан «Юразия в Кыргызстане» жоопкерчилиги чектелген компаниясынын башкы директору Светлана Менг мындай деди: «Биз 2011-жылы техникалык долбоорду даярдадык. Анан 2012-жылы толук чалгындоо иштерин жүргүзө баштадык. Бул геологиялык чалгындоо боюнча кадимки иш. Компания аз убакыттын ичинде чоң аянтта изилдөө иштерин жасай алды. Биз биринчилерден болуп ушул Таш-Булак уран кен аянтчасын мамлекеттик баланска коюуга жетиштик. Учурда жалдануучу менен иштеп жатабыз, ал «Борбор Азия уран компаниясы» деп аталат. Алар алынган лицензиянын жана биз менен түзүлгөн келишимдин негизинде бул жерде толугу менен чалгындоо иштерин жүргүзүшөт. Чалгындоо иштеринде колдонулуп жаткан бардык инвестиция Орусиядан келет».

Бул жерде жергиликтүү тургундардын арасында кендин иштеп кетишине макул экенин билдирген бир катар өкүлдөр жүрдү. Алар кенди иштетүүгө каршылыгын билдиргендерге нааразы болуп, мында экологияга зыян келбей турганы айтылып жатканын жана ызы-чуу кылбай, комиссиянын жыйынтыгын күтүү керектигин, айылдыктардын иш менен камсыз болсо, жаман болбой турганын айтышты. Натыйжада, эки тарап ортосунда кайым айтышуу да болду.

Орто-Токой айылынын тургуну Нурбек Садыгалиев: «Мен буга чейин атайын элден шайланып алты жолу комиссияга катышып, ушул жакка келип, өз көзүм менен көргөндөн кийин, комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтөйүн дедим, эл да күтүп жатат. Марат байке айткан абрикос, алма жөнүндө мен сурагам. Себеби биздин Таш-Сарай, Орто-Токой, Ак-Өлөң айылдары алма-өрүк менен жан багат. «Алма-өрүккө кандай зыяны бар?» деп сурасак, алар «уран деген оор металл, учпайт» дейт. Мына, карап көргүлө, Көл боюнча Кажы-Сайда алма-өрүк жакшы чыгып жатат. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Комиссиянын жыйынтыгын күтөбүз»,-дейт ал.

Россиялык акционер Андрей Акимов «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖКЧ-сы 2012-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна 23 миллион сомдон ашуун акча каражат, Тоң районунун Салык салуу мамлекеттик башкармалыгына 10 миллион сом салык төлөгөнүн билдирди. Ал Казакстан, Өзбекстан, Япониялык компаниялардан адистер келишип, бул иштер экономикалык эле эмес, экологиялык дагы пайдалуу экенин билдиргенин айтты. «Бул жерде радиациялык фон 150 рентгенди көргөзсө, казган жерден 50гө чейин азайды. Биз уран жайгашкан катмарды алып жатабыз, муну тургундардын бардыгына көрсөтүп беребиз» – деди.

Нааразы болгон тарап менен комиссия мүчөлөрү кер-мур айтышып, акыры аларды да комиссияга мүчө болууга чакырышты. Мындан соң комиссия, тургундар жана журналисттер карьерге барышты. Ал жерде радиациялык фон өлчөнүп, түз жерде 135, ал эми карьерде 75 экенине күбө болушту. Мында чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткандар «уран-торианит чачылмалары жердин бетинде жайгашкан, азыркы учурда жердин бетинин жалпы радиациялык фону 40тан 80ге мкР/саат, айрым бөлүмдөрдө 130-150 мкР/ саатка чейин түзөт. Радиоактивдик кумдардын негизги массасы кесиктин өйдөнкү бөлүгүндө 25 метр тереңдикте турат”,-деп билдиришүүдө.

Ошентсе да, учурда республикабызда уран кенин казууга каршы чыккандардын саны арбын. Социалдык тармактарда «Биз уран иштетүүгө каршыбыз» деген чакырыктар байма-бай айтылууда. Ушул жуманын дүйшөмбү күнү бул маселе боюнча каршы пикирлерин айтып уран чалгындалып жаткан жерге Бишкек шаарынан да өкүлдөр келишти. Алар уран иштетүү таптакыр токтотулсун деген пикирлерин билдирүүдө.

Албетте, «уран» деген сөздүн өзү эле кооптуу угулат. Анын үстүнө Кыргызстандын аймагында жалпы көлөмү 254 миллион метр куб кен калдыктарын сактоочу 92 жай бар деп айтылып келет. Ал эми, өлкөбүздө калдыктады сактоочу онго чукул жайлар жабылган менен калдыктар көмүлгөн жер 35-40 жылдан бери кароосуз калган. Ал боюнча эч кандай аракеттер жүрө элек. Алсак, Майлуу-Суу шаарындагы, Миң-Куш, Кажы-Сай, Сумсар, Шекафтар, Кант шаарчаларындагы калдыктарды сактоочу жайлар начар абалда. Көлдөгү Кажы-Сайда жайгашкан уран-көмүр кенинде чогулган материалдын көлөмү 150 миң куб метрге жетет дешет адистер. 1960-жылдары бул жердин үстү жагы гана жабылган экен. Ал эми, Майлы-Суу шаарынын чет-жакасына көмүлгөн уран калдыктары бир эле Кыргызстандын эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын 60 миллионго чамалаш калкына коркунуч келтирет деген пикирлер бар.

Негизи бул жердеги уранды казуу 20-кылымдын 60-жылдарында эле козголуп, бирок, анын ыйык Ысык-Көлдүн экологиясына, элдин саламаттыгына тескери таасир этери эске алынып, токтотулган экен.

Эксперттердин айтуусунда, Кара-Балта тоо-кен комбинаты дүйнөдөгү эң ири комбинат. Ал 40 жылга чукул радиоактивдүү заттарды иштеткен. Бул убакта 60 миң тонна уран иштелген экен. Ошол ишетилген урандан Майлуу-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сай, Шекафтар, Сумсарда 145 миллион тонна радиоактивдүү калдыктар калган.

Азыр болсо Ысык-Көл биос-фералык аймак болгонуна кара-бай, уран казуу иши каралууда. Инвенсторлор уранды ташып кетип, көлдө эч бир калдык Ісал-бастыгын айтып жатат. Бирок, уранды алып ташууда кырсык-тар болбойт деп ким кепилдик берет? Компания лицензия ал-гандан кийин «атаңдын башы» деп өз билгенин кылбайбы? Се-беби, азыр мындай компаниялар менен соттошуу чексиз улана бе-рерин көрүп эле жүрөбүз.

Ооба, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертиза аяктаганга чейин Кызы-Омпол тилкесиндеги уран кениндеги иштерди токтотуп турууну тапшырды. Демек, акыркы сөз комиссияда дегенди билдирет. Ал эми, комиссиянын жыйынтыгы качан, кандай чыгарылары азырынча белгисиз. Биз комиссиядагылар ойлонуп, куру сөзгө жана башкага алданбай, жакшылап иштейт деген үмүттөбүз. Себеби, комиссиянын ар бир мүчөсүнүн аты эл үчүн дайын эмеспи.

Жумагүл Барктабасова

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *