“Ургаачы тай”, “Ургаачы торпок”… Аким Семетей Черикбаевдин “кличкасы” ким өзү?

Адамга төрөлгөндө азан чакырып ат коюлат эмеспи. Ал эми анын турмуштагы жүрум-туруму, кулк мүнөзү ага эл элегинен экчелип чыккан экинчи бир каймана ысымды ыйгарат. Ошол эле учурда мындай «кличкадан» эч ким качып кутула албайт. Болгону айрым бир каймана ысымдар ушундай таамай коюлса, айрымдары уккандын кулагынын кумарын жазып же тескерсинче куйканы куруштурат. Бирок, баары бир кандай болбосун эл тарабынан коюлган «кличка» түптүз чындык менен чырмалып, тамаша, азил менен аралаша таамай коюлат. Каймана ысымга токтолуп атканыбыздын бир удулу келип турат. Эсиңерде болсо, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев тууралуу түркүн-түстүү кептер далайдан бери айтылып келет. Нарын районун башкарганга чейин Ак-Талаа районун башкарып жүргөндө Черикбаев укмуштуудай «кличкалуу» болуптур. Угуп алып боорубуз эзилгенче күлдүк. «Калк айтса, калп айтпайт» демекчи, эл ат койсо ал туура коюлган ат деп эсептей берсек болот. Аким Семетей мырзага Ак-Талаалыктар «Ургаачы тай» деген каймана ат ыйгарыптыр. Эмнеге десениз, Черикбаев аким болуп турганда мектепке же башка тармакка кимдир бирөөнү жумушка киргизсе «ыраазычылык» үчүн тай алчу экен. Анан эркек тай жетелеп келсе, «Мага ушул тайды ургаачы кылып бериңиз» деген талабын да айтчу экен «акимбай». Учурда жылкылары үйүр-үйүр болуптур, эй! Анан баарына тараза болуп турган эл тигиндей каймана атты ыйгарып атпайбы, Асмандан эле таап алгандай коюшуптур да Ак-Талаалыктар! Учурда Черикбаев Нарын районунан эмнени «ургаачыга» алмаштырып атты болду экен? Ушул жагы абдан кызык болуп атат да. Эми бул райондон узаганда дагы кандай атка ээ болуп кетээр экен бул эргул?

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *