Урмат Акунов, саясат талдоочу: “Атамбаев эркек экен баарын каматты”

– Урмат мырза, учурдагы саясат тууралуу кеп кылалы… Бүгүн мурдагы президент Атамбаев КСДПнын “лидерлик” кызматынан кетти. Бул саясый жүрүшкө кандай карайсыз?

– Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркек экен, “мен президенттик кызматтан кеткенде баарын артымдан ала кетемин”,- деген. Ала кетмек түгүл, бир тобун каматканга да жетишти. Алдыда ал кишини кандай күндөр күтүп турат, аны бир гана Кудай билет, бирок Алмаз Атамбаев өзү дагы билет. Өзү айткандай “акты ак, караны кара” деп айтып, кайсы жери кара, кайсы жери ак экенин далилдеп бере турган күнгө аз калды. Атамбаев ураан кылып айтчы эле: “уурулар түрмөдө гана олтурушу керек”- деп. Эң эле кызыгы, мурдагы бийлик түрмөдөгү адамды алып чыгып элита кылып, элита кайрадан түрмөгө олтуруп атканы тагдыр таразасы.

– Айрымдар “Рамазан айында бийлик туура эмес кылып жатат” – деген пикирлерин айтышууда. Орозо бүткөнчө камабай турушу керек беле?

– Тергөө иштери Рамазан айына же Орозого карабайт. Күнөөсү аныкталса, сот чечимин чыгарса, буга бийликтин же Жээнбековдун кандай тийешеси бар? Эгер күнөөсү жок болсо, аны биз же ар кандай пикирлер эмес, сот далилдейт. Эң кызыгы ошол эле Атамбаевдин бийлиги мурдагы бийликти катуу сындап келген, соттолуп жаткандарды “камалсын, жегичтер”,- деп кыйкырып жүргөндөр кайтар дүйнө болуп, сахнаны алмаштырып алгандай. Алар бүгүн сотторго нааразы болуп, бийликке акаарат айтып жүрөт. Эгерде мурдагы бийлик ар кимди күнөөсүз түрмөгө тыкпай, канчалаган адамдардын каргышына калбаганда бүгүн бул күндү көрбөйт беле?

– Батукаевдин артынан Атахановдун камалышы, Сагынбаеванын үй камагына чыгып кетишине кандай сарасеп салсак 6олот?

– Менин уккан маалыматтарыма караганда, мурдагы КР Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева Атахановдун камалышына жол ачып, өткөн окуяны булбулдай сайрап, биз күтпөгөн тизмелерди тактап берди. Эми Атаханов эч нерсе болбогондой Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткени боюнча “Алмазбек Атамбаев буйрук берген”- деп суракта айтып берет.

– Жакынкы күндөрү кандай саясый өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн?

– Жакынкы күндөрү “Форумдагы” команда элди көтөргөнгө аракет кылат, бирок майнап чыкпайт. Себеби, кыргызды тебелеп келген мурдагы бийликтин жүзү ачылды.

– Дамир Мусакеевдин камалашы саясый оюн эмеспи?

– Муну саясатташтырбай эле койсок болот. Бул болгону жансакчы болгон жана Атамбаевдин курмандыгы менен садагасы болуп чабылып кете берди.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *