Урматбек Барктабасов, коомдук ишмер: “Элди бөлгөн адам кыргыздын душманы, ага тек гана атуу керек”

2005-жылы март ыңкылабынан кийин Акүйгө чабуул коюп бийликтин жүрөк үшүн алып койгон Урмат Барктабасов эсиңизде болсо керек. Учурда бул киши саясаттан оолак, бирок, кайсыл окуя боюнча болбосун өз пикирин социалдык тармактарга байма-бай жарыялап келет. Кечээ жакында «фейсбук» баракчасына түзүк ой таштаптыр. Анда жазганын үзбөй-кеспей таштайлы, баам салыңыз:

«Урматтуу мекендештер! Калыгул ата айткан экен: «бирдиги кеткен эл жаман» деп. Мен деле Кыргызым деп күйгөн адамдын биримин, силерге окшоп. Айтаар сөзүм бар эле силерге. «Фейсбукта», кечеде, айылда, кухняда, тойдо ж.б. жерлерде эл эки жаат болуп бөлүнүп турат. Бири АШАны, бири СШЖны колдоп түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, бүгүн элдин бир бөлүгү, чогулуп алып СШЖ каршы пикир айтам деп отурат. Мен да бийликтин кээ бир жасаган ишине макул эмесмин, бирок ал үчүн сөзсүз төңкөрүш жасаган туура эмес деп ойлойм. Эмне үчүн? Бизде көп төңкөрүш болду, экөө күч менен болду. Натыйжа болбоду. Мен өзүм күбө болдум, силер дагы, төңкөрүштө эч ким утпайт.

Эл качан утат? Туура тандоо жасаганда, ынтымактуу болгондо. Кыргыз элин түндүк-түштүккө бөлүп өз максатына жетем деген ой туура эмес. Кыргыз элин бөлгөнгө мүмкүн эмес, тамырлашып, кандашып калганбыз. Калыгул атабыз айткан эле, «элди бөлгөн адам кыргыздын душманы, ага тек кана атуу керек» деп. Президенттерди өзүңөр шайлагансыңар. Ката издесек өзүбүздөн издейли. Менин айтаарым араң турган экономика ансыз деле араң жан. Эптеп кыбырап аткан эл азапка кабылат. Сирияда дагы ушундай бийлик талашуудан эле чыр чыгып, эли талаалап калды. Кыргыз эли кепке кулак салган. Кебим ушул, бөлүнбөй, ызы-чуу болбой, мыйзам менен маселелерибизди чечели. Күнөөлүү адам болсо мыйзам менен гана жооп берсин. Кайта кечеге чыгып 2005-2010-жылдагы окуяларды кайталайм деген туура эмес деп эсептейм. АШАнын максаты бийликти тартып алуу, абийирин жаап салуу. Эл алданып отурат, көп нерсеге түшүнбөй. АШАны мен жакшы билем. Мамлекет АШАнын менчиги эмес алып кайта бергендей. Элдин эсебинен өмүр бою күн көрөм дегени туура эмес. Чапкан сайын көз чыкпайт. Мен ар кайсыны айтып АШАнын же башкалардын деңгээлине түшпөйм. Бир эле сез айтам, жасап жатканы мыйзамсыз иш.

Элге качан бак конот? Мыйзам сакталганда, Элди алдап чогултуп алып күчкө салам деген туура эмес, заман башка. Айтаарым элге, акылга ынтымакка келели. Бөлүнбөйлү. Эрегиштен пайда жок. Жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок дейт. АША кекчил жана арам киши.

Кемер айтат жармын деп,

Чымчык айтат кушмун деп,

Чырпык айтат талмын деп,

Эшек айтат малмын деп.

Мен муну өз көзүм менен көрдүм, ынандым. Жанында көп жакшы адамдар бар, бирок адашып жүрүшөт. Далайы түрмөгө түштү, далайы жок болду. Жеке кызыкчылыгы үчүн далай балдар өмүрүнөн ажырады. Ойлонуп иш жасайлы. Кыргызда накыл кеп бар «сөзүнөн эмес, өңүнөн эмес, эн оболу ишинен тааны» деген. Анын сынарындай бул кишинин жасаган иштеринин аягы уурулук менен жыйынтыкталды. Сүйлөгөн сөздөрү да адамдарды жийиркентти. Орой айтсаң адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес жүлүнге кетет. Элим айтаар сөзүм, ыкыбал сүйөсүң бул жайдан, ынтымак тиле Кудайдан, Кудай берсе ынтымак, куусан да кетпейт Ырыс Бак! Ынтымакка келели!

Элдин ырыскысына кол салгандар, балдардын келечегине балта чапкандар, жооп берсин мыйзам алдында. Ийри түзөлөт, тескөө болсо. Тескөө башталды.

P.S. Дос күткөндөргө айтаар сезүм бар. Жаман менен дос болсоң акыры келип доо болоор, жакшы менен жанашсаң жакшылык болоор, акыл-макал экөө бирдей келер, ал экөөнүн айтканы күндөй тиер, билген адам ошону байым кылаар, көкүрөккө ойлонуп дайын кылар. Акыл менен тил табыша албаган үйдө ырк бузулар.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *