Усубалиевдин партияга кайра кирүү аракети

Ал кезде Компартиянын катарынан чыгып калуу ким үчүн болсо да оор соккуга жана да трагедиялуу сыноого айланмак. Ал эми чейрек кылым республика жетекчиси болуп турган адам үчүн – андан бетер! Бул көз караштан алып караганда, Турдакун Усубалиевдин өз мүчөлүгүн партиянын катарына кайра калыбына келтирүүгө аракет жасай баштаганы түшүнүктүү болчу. Ошол эле учурда, анын өз дарегине айтылган сын пикирлердин баарын танууга болгон аракети такыр түшүнүксүз болуп чыкты.

Ал партиянын Фрунзе шаардык комитетинин дарегине жазган арызында, айыптоолорду толук төгүнгө чыгарып, өзү партия жана мамлекет алдында терс жоруктарды эч качан жасабаганын жазган. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине жазган апелляциясында мурдагысынан да ашып түшүп, өзүнүн айланасында эч негизсиз жаман көрсөтүү аракети жасалып, көрө албастык жагдай жаралганын жазган. Башкача айтканда, эң мыкты коргонуу — бул чабуул деген ыкманы колдонууга баргандай таасир калтырган! Т. Усубалиевдин арызын иликтеп, кароо үчүн Кыргызстан КП БКнын Бюросу атайын комиссия түзүп, аны ЦКнын секретары Н.П. Семенов жетектеди. Комиссия курамына республика Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Т.Х. Кошоев, Кыргызстан КП БКнын секретары К.М. Молдобаев, Кыргызстан КП БКга караштуу партиялык көзөмөл комиссиясынын төрагасы Медетхан Шеримкулов жана башка жооптуу кызматкерлер киришти.

Медетхан Шеримкулов жана комиссия мүчөлөрү ар бир фактыны дыкаттык менен иликтеп чыгып, бул чогулган документтерге объективдүү баа берүүгө умтулган. Ушундай чоң турмуштук жана кызматтык тажрыйбага ээ болуп туруп, Турдакун Усубалиев чыныгы коммунист катары өз жаңылыштыктарын жана кемчилдиктерин ак дилден моюнга алып тиешелүү жыйынтыктарды чыгарбаганы, абдан таң каларлык жагдайды жараткан.

Канткен күндө да, бир жолу Москвада ал мындай моюнга алууга барыптыр.

Бул тууралуу Медетхан Шеримкулов КПСС Борбордук Комитетинин генералдык секретары Михаил Горбачев Фрунзеге иш сапары менен келгенде уккан. Бул маектешүү мурдагы биринчи секретарь Турдакун Усубалиевдин кабинети эми Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы Медетхан Шеримкуловдун кабинетине айланган кезде болгон.

Алар олтурган кабинетте мурда Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары олтурганын билип, Михаил Горбачев Усубалиев азыр кандай жашап жатканына кызыкты. Шеримкулов анын пенсияда эс алып, өзүнүн мемуарларын жазып жатканын билдирди. Муну угуп Горбачев мурунку биринчи секретарь Турдакун Усубалиев өзүнүн кабыл алуусунда болгонун, ыйлап, жалдыраганын айтып берди. “Мен республиканы 24 жыл башкардым, эгерде бир жылда бир жерден жаңылыштык кетирсем деле – 24 жаңылыштык кетирген боломун! Эми ошол үчүн менин мамлекет алдында жасаган бүт эмгегимди чийип салууга болобу?” – деп муңканыптыр. Мындай жалбарууну угуп, генералдык секретарь Михаил Горбачев бул карыя коммунисттин ишин кайра карап чыккыла деп, тиешелүү адамдарга тапшырыптыр…

Бирок, бул бир нече жылдан кийин болгон. Азыр болсо Медетхан Шеримкулов жетектеген Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин партиялык көзөмөл комиссиясы Усубалиевдин ишин ар тараптан кароону улантып, өз ишин кынтыксыз бүтүрүүгө далалат кылды. Комиссия Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюросуна Усубалиевди партияда калыбына келтирүүгө негиз жок деп чечим чыгарды.

Көрсө, үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун бардык белгилери бар болгон терс фактылардан сырткары, Усубалиев башкарган жылдарда өңчөй турмуш-тиричилик, финансылык жана башка багыттарда да коммунисттик нормалар менен советтик мыйзамдар көп бузулган экен. Туугандарына турак-жайлар кезексиз түрдө, жалпы кабыл алынган нормадан ашкере ашыкча өлчөмдө берилиптир.

Биринчи секретардын жакындары жана жан-жөкөрлөрү жетекчилик кызматтарды ээлеп турушканына карабастан, өздөрүнүн маданиятсыз,түркөй жүрүш-туруштары менен айырмаланышып, адамгерчилик нормаларды да сактабай калышкан. Андайлардын катарында биринчи иретте мурдагы жетекчинин уулдары жана да бажасы — жазуучу Асанбек Стамов сыяктуу айрым жакын туугандарынын ысымдары аталды.

Комиссиянын иликтөөсү учурунда Усубалиев жагымпоздукту тыймак турсун, тескерисинче, андайларды колдоп туруптур. 1985-жылдын августунда, Борбордук Комитеттин Иш башкармалыгынын башчысы Корнеев Ысык-Көл обкомунун экинчи секретары Юрий Белякты КПСС Борбордук Комитетине “Турдакун Усубалиев күчтүү жана мыкты кызматкер, республиканы көтөрдү” деп кат жазууга үндөгөн. Жогорку кызматтагы өз бийлиги бүтүп баратканын сезип, биринчи секретарь Усубалиев дале болсо абалды өзгөртпөй сактап калууга тырышкан…

Биринчи секретарь Турдакун Усубалиев өзү чоң тартип бузууларга барган учурлар да ачыкка чыкты. КПСС Борбордук Комитетинин жалпы бөлүмүнөн документтерди алып, өз убагында кайтарган эмес. Кийин аларды сурап кайрылышса, ал документтерди 1985-жылы октябрда жок кылганын айткан.

Биринчи секретарь КПСС Борбордук Комитетинин жашыруун сырлар камтылган документтер менен иштөө боюнча Инструкциясын орой бузган. Ал документтердин айрымдары Кеңеш Кулматовго байланыштуу болгонун эске алсак, бул жорук өтө шектүүдөй көрүнүп, биринчи секретарь өзү кызматтан кетерден бир ай мурда, айрым өзүн терс жактан көрсөткөн документтерди атайылап жок кылган эмеспи?! деген суроо жаралат…

Кандай болгон күндө да, бул жашоодо эч нерсени жашырууга мүмкүн эмес. Эч нерсе тыкан, калыс иликтөөдөн сырткары калган жок. Эң эле жашыруун сакталган, жабык сырларды камтыган фактылардын баары акыры ачыкка чыкчу күн да келди.

Бир нече жылдан соң, партияга кайра калыбына келтирилген Турдакун Усубалиев дароо эле Компартиянын ишмердигинен алыстап кетти. Ал эми анын эгемендик жылдардагы позициясы, жумшартып айтканда, коммунистче болбоду. Ушунун баары эрксизден башка ойлорду жаратат: сыягы, Компартия катарына кайра калыбына келишке жанталашкан мурдагы биринчи секретарь Турдакун Усубалиев коммунисттик идеяларга берилгендигинен эмес эле, тек гана жеке кызыкчалыктардан улам — соттолуп кетпесем экен деп коркуп, партияга жармашкан окшойт.

Кыргызстан Компартиясынын жаңы лидери Абсамат Масалиев бир нече жолу өз интервьюларында Турдакун Усубалиев менен болгон мамилелери жөнүндө сурашканда, аны партиялык ишмердикке кайтып келүүгө чакырган. Ал Коммунисттик партиянын мүчөсү катары калыбына келтирилсе да, иш жүзүндө партия ишине аралашпай, четте кала берген…

1987-жылдын 4-декабрында Медетхан Шеримкулов Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин секретары болуп дайындалды. Бул дайындоо кайра куруунун эң бийик чекке жеткен учуруна туш келди. Башкача айтканда, эң татаал, карама-каршылыктуу учурда ага мамлекеттик идеологияны кайра түзүп чыгуу иши тапшырылды. Бул багыттагы маселелер менен ал өзүнүн мурдагы иштери боюнча жакшы тааныш болсода, азыр коомдук-саясий турмушта такыр башка, жаңы маселелер жаралган.

Медетхан Шеримкулов бул кезде бар болгону 48 жашта эле, башкача айтканда, толуп-ташып, энергиясы ташкындап турган. Ошого жараша, ал жаңы максаттарга жана ойлорго бай болчу. Эми ошол идеялардын баарын ишке ашыруу зарылдыгы жаралды. Бул өзүнчө кызыктуу, ар кандай көз караштарга жана пикирлерге толгон мезгилге кылчайсак, жаңы жана ийкемдүү ой жүгүрткөн, энергиялуу идеологдун дайындалышы сөз эркиндиги жана ачык айтуу дооруна туш келгенин көрөбүз…

Кайра куруу мезгилинин оң жактары катары элдер өз ойлорун ачык айтып калышып, мурдагыдай кылчакташпай, коомдук-саясий жана тарых маселелери боюнча өз пикирлерин билдирүүдөн чочулабай калышкан. Эң башкысы: адамдарда советтик коомду кайра курууга, айрым кемчилдиктерин оңдоп чыгууга болот, али кеч эмес деген ишеним пайда болгон.

Медетхан Шеримкулов республиканын башкы идеологу катары бул өзгөрүүлөрдүн демилгечиси Коммунисттик партия өзү болгонуна сыймыктанып, элдин жашоосун жакшы жакка карай ойготууга түрткү болгон жаңы демге кубанып жүргөн. Албетте, кымбат убакыттын көбү элдер быкы-чыкы болуп батпай,чогулгандар бирин-бири укпай, талаш-тартыштарга толгон жыйындарга корогон учурлар да болду.

Бирок, коомдук жашоонун бардык тармактарында мурдагы баалуулуктарды кайра карап чыгып калыс баа берүүгө аракет жасап жатканын танууга болбос эле. Илим, адабият, искусство жана маданият маселелери боюнча ачык, курч мүнөздөгү талкуулар жүрүп жатты. Кээде андай жыйындарга көчөдөн келип катышкан, талкууланган маселелерге түздөн-түз тиешеси жок чоочун адамдардын болушу деле демейки көрүнүшкө айланды.

Эл арасында өткөн тарыхка карата болгон кызыгууабдан күчөдү. Басма сөздө жана коомдук жыйындарда эл буга чейин жабык болуп келген архивдерди ачуу маселесин коюп жатышты. Медетхан Шеримкулов москвалык атактуу окумуштуу-адабиятчылар Зоя Кедрина, Лариса Лебедева жана да жергиликтүү таанымал окумуштууларды кошуп, бул маселе боюнча тиешелүү комиссияны түздү.

Адистер дыкаттык менен изилдеп чыгышып, коомдук талкууларды өткөргөн соң, Компартиянын Борбордук Комитети Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Казыбек жана Касым Тыныстанов сыяктуу улуттук жазма адабияттын баштоочуларынын жабыкта жаткан чыгармаларын басып чыгарууну демилгеледи. XIX жана XX кылымдарда кыргыз адабиятынын тарыхында өчпөс из калтырышкан бул улуу ысымдарга 30-жалдардагы саясий репрессиялардан кийин тыюу салынган болчу. Арийне, бул демилгени ишке ашыруу оңой эмес эле. Буга жетүү үчүн дагы далай тоскоолдуктардан өтүп, өтө чыдамдуулукту, сабырдуулуктуталап кылган сыноолорду баштан кечирүүгө туура келди. Дал ошондон улам, жаңы доордогу кыргыз поэзиясынын баштоочулары Токтогул Сатылгановдун,Тоголок Молдонун, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган мамлекеттик ишмер Курманжан Датканын, чыгаан окумуштуу, акын-агартуучу Касым Тыныстановдун, улуу акындар Алыкул Осмоновдун, Жоомарт Бөкөнбаевдин жана башкалардын мааракелери мамлекеттик бийик деңгээлде өткөрүлдү.

…Медетхан Шеримкулов секретарь болуп дайындалган күнү, 1987-жылдын 4-декабрында, тарыхый мурастар жөнүндө Бүткүл союздук илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Кыргызстан коммунисттеринин лидери Абсамат Масалиев Касым Тыныстанов менен Молдо Кылычтын чыгармаларын катуу сынга алды. Биринчи секретарь аларды реакциячыл, зыяндуу жазуучулар деп атап, улутчулдук идеясына чөгүп кетишкендер деди.

Медетхан Шеримкулов президиумда олтуруп, бул сөздөрдү ичинен зээни кейий угуп олтурду. Себеби, залда олтургандардын эч кимиси аталган жазуучулардын чыгармалары менен такыр тааныш эмес эле. Өз элинин улуу мурасын билбей калышкан муундар жарала баштаган. Абсамат Масалиев өзү деле билбегени анык, ал тек гана кимдир бирөө даярдап берген сөздү окуду.

Ошону менен бирге эле, идеология маселелери боюнча жаңы секретарь сөз эркиндигине, ачык айтууга карабастан, өзүнүн алдыда турган иши да абдан татаал болорун сезип турган. Айрыкча, биринчи секретардын консерватордук позициясын эске алганда, ал жалпы коомдо болуп жаткан кардиналдык өзгөрүүлөр жүрүп жатса да, эскиче ойлонуп, жогортон берилген көрсөтмөнү туура деп, эч талдабай, сын көз менен карабай аткарууга көнгөн жетекчи экендиги тастыкталган.

Четтен байкап турган коомчулукка, Абсамат Масалиев жаңы демократиялык өзгөрүүлөр толкуну менен бийликке келсе да, мурдагы биринчи секретарь Турдакун Усубалиевден иш стили боюнча анча деле айырмаланбаганы көрүнгөн. Айрым маселелер боюнча гана пикирлери кайчы келбесе, экөө тең өз саясатын Москвага карай жүргүзүшүп, ал жактан түшкөн бардык көрсөтмөлөр кыйшаюусуз аткарылып турган. Ошол көрсөтмөлөрдү көп учурларда москвалык биринчи жетекчилер эмес, КПСС Борбордук Комитетинин инструкторлору же башка катардагы кызматкерлери беришчү!..

Мамасалы Апышев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *