Уурулар кинорежиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп жиберишкен. Эми ал балдарын мектепке троллейбус менен жеткирүүгө аргасыз

Кыргыз ССРнин жана СССРдин эл артисти, кинорежиссер жана актер Болот Шамшиев унаасынан айрылды. 8-ноябрь түнү кечинде кинорежиссердун үйүнөн белгисиз адамдар 1989-жылы чыгарылган Mercedes үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен. Уурулар унаанын кышкы дөңгөлөктөрүн жана кошумча дөңгөлөгүн чечип алып, унааны өрттөп кетишкен.

Милиция күйүп калган унааны Молдовановка айылынан алыс эмес жерден табышкан. Азырынча аны ким уурдаганы белгисиз.

Шамшиевдин досу Бакыт Бакетаевдин айтымында, бул жагдайда эң өкүнүчтүүсү – ал унаа менен Болот Шамшиев 6-8 жаштагы балдарын мектепке жеткирип турчу, эми болсо ал балдарын окууга троллейбус менен жеткирип жүрөт.

“Дүйнөнүн мен деген актерлору менен тең турган улуу артист эми ушинтип күн кечирүүгө мажбур. Балким, мамлекет ага жардамын берет? Жакында эле Улуттук Банкта эмне деген чон ссудалар кечирилди. Улуу артист үчүн каражат бөлүп берсе болмок”-деп сунуштаган Бакетаев.

Анын айтымында мындай адамдарды көзү тирүүсүндө баалоо керек, көзү өткөндөн кийин барктабай.

“Аны Казакстанга чакырышууда, кызматтары менен колдонушууда, өз Мекенинде болсо ал кереги жок,”- деп кошумчалаган Бакетаев.

Бакетаев бир нече жыл мурун Шамшиевдин абалы жөнүндө президент Алмазбек Атамбаевге дагы айтканын, бирок эч кандай реакция болбогонун кошумчалаган.

Эске салсак, Болот Шамшиев “Караш-Караш”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Ак кеме”, “Фудзиямада кадыр түн” жана башка кинотасмаларын тартып, дүйнөгө таанылган.

Булак:KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *