Уурулук кыргыз илиминде да күч алууда

Уурулар менен бандиттердин өлкөсүнө айланган Кыргызстанда башканы мындай кой, илимий иштерде да бирөөнүн эмгегин көчүрүп алып, илимдин кандидаты, доктору болгон плагиат – уурулар да көбөйүп кетиптир. Мындай фактыларды жакында Орусиянын “Диссернет” коому ачыкка чыгарды. “Диссернет” 2013-жылы түзүлүп, андан бери Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн. Жыйынтыгында 200дой киши илимий даражасынан ажыраган. Бул уюмдун негиздөөчүлөрдүн бири, физик Андрей Заякин кыргызстандык илимпоздордун эмгегинен чыккан плагиат боюнча ушул жумада атайын маалымат жыйынын да өткөрө тургандыгын жар салды. Аталган коом ушул жылдын июнь айынан тартып Кыргызстанда жазылган илимий эмгектерди текшере баштаган. Анын максаты жана жыйынтыгы туурасында Бишкекте өтө турган маалымат жыйында жергиликтүү юрист жана иликтөөчү-журналисттер менен бирге айтып бермекчи. Көрсө, бирөөнүн акыл эмгегинен жаралган эмгегине кол салгандар алардын таман акы, маңдай терине гана кол салбай, өзүбүздүн өлкөнүн казынасына да оңбогондой зыян келтиришиптир. Буга чейин Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти каржылаган илимий-изилдөө иштеринин 43ү мыйзам бузуу менен жазылганын аныктаган. Мунун ичинен 30 иш уурдалган, 13ү каржылоо тизмесине мыйзамсыз кошулган деп табылган. Ушул уурдалган эмгектерди каржылоого 18,5 млн. сом, ал эми мыйзамсыз тизмеге кошулган изилдөөлөр үчүн 5 млн. сом мамлекеттик бюджеттен толонгон. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 30дай диссертациялык жана 200дой кандидаттык иш жазылат жана анын 10 пайызы комиссиянын сынынан өтпөй калат. Ага карабай өлкө боюнча илимдин докторлору 800го жетип, кандидаттар үч миңден ашык. Бирок ушул докторлук, кандидаттык иштердин бири да иш жүзүнө ашып, өлкөбүздүн экономикасына салым кошо элек.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *