Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Uzbekistan Airways пандемия шартында инженер-техниктерин кыскартууда
Борбордук Азияда

Uzbekistan Airways пандемия шартында инженер-техниктерин кыскартууда

«Термез» эл аралык аэропорту

Өзбекстандын улуттук Uzbekistan airways авиакомпаниясы оор абалга кептелип, аэропорттор тажрыйбалуу инженерлер менен техниктерин кыскарта башташты.

Буга Орусиянын COVID-19га байланыштуу Uzbekistan airways авиакомпаниясынын туруктуу каттамдары үчүн аба мейкиндигин ачууга шашылбай жаткандыгы себеп болууда. Авиакомпаниянын туруктуу аба каттамдарынын көбү Орусиянын шаарларына аткарылып келген.

«Термез» эл аралык аэропортунун кызматкерлери пандемиядан улам аэропторт дээрлик бош калганын билдиришүүдө.

– Азыр Ташкенте жумасына эки гана туруктуу каттам аткарылып жатат. Мындан тышкары Орусияга аптасына эки жолу чартердик каттам аткарылууда. Учактар бош барып, ал жактагы жарандарыбызды алып келип жатышат. Марттан бери бизди акы төлөнбөгөн жарым айлык эмгек өргүүсүнө чыгарып жатышат. Авиациялык инженерлер айына 600 миң сумдук (50 доллардан ашык) маянага жан багууга аргасыз болушууда. Эми азыр кызматкерлер кыскартылып жатат», — деди аэропорттун аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери.

Анын айтымында, кыскартыла тургандардын тизмесинде аэропорттун перрондук-техникалык бригадасынын кызматкерлери да бар.

– Булар авиация тармагында жогорку билимге ээ кызматкерлер. Алар Ground handling программасы боюнча Boeing-757,767 жана Airbus- 320 учактарына техникалык жардам көрсөтө алган адистер. Бул кызматкерлерди кыскартуу эл аралык авиациянын стандарттары менен нормативдик-укуктук документтерге каршы келет», — деди ал.

«Термез» эл аралык аэропортунун өкүлү Ташкенттеги жетекчилердин көрсөтмөсү менен кызматкерлерди кыскартуу жүрүп жатканын ырастады.

– Мындай чечимди Uzbekistan airways компаниясынын жетекчилиги кабыл алды. Коронавирус пандемиясы шартында биз чынында эле оор абалда калдык. Туруктуу каттамдар качан ачылары дале белгисиз болуп жатат. Биз деле авиация тармагындагы инженерлер менен механиктердин ролун түшүнүп турабыз. Алардын ордуна пенсия курагындагы, негизги мааниде болбогон кызматкерлерди кетиргенге аракет кылабыз», — деди аэпорттун жетекчилеринин бири.

Авиация тармагындагы адистер бул каатчылыктан чыгуунун жолу катары Өзбекстандагы аэропортторду сатууну сунушташууда.

«Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып, Ташкент жана Самарканд шаарларындагы аэропортторду сатып алууну каалагандардын арасында өлкөнүн саясий элитасына байланышы бар ири жеке компаниялар бар экенин билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Януковичтин иши Киев сотуна жөнөтүлдү

ЮНИСЕФ: Тажикстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 3 миң бала аныкталды