Баткендин өрүгү чет өлкөлөргө экспроттоло баштады

Баткен өрүгүнүн бат даяр болгон ашкана сорту экспортко чыга баштады. Алгачкы түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 10-15 сомго кымбат бааланды. 600 тоннадай облус боюнча өндүрүлгөн ак-өрүк же ашкана сорту Орусияга жана Казакстанга сатылууда. Түшүм үчүн аба ырайы да ыңгайлуу келип, сапаты да жакшы.

Негизинен Баткенде өрүк июнь айынан тартып, сентябрга чейин жыйналат. 10дон ашык түрү ар кайсыл учурда бышкандыктан, жергиликтүүлөр кезектеп жыйнай беришет.

Бир жумадай аралыкта түшүмдү жыйнап, сатууга да жетишүү керек. Өтө бышып кеткен ак өрүктү кардар сатып албай да коюшу ыктымал. Сатылбай калганын кургатып алганга да жарабай калат.

Баткен облусунун аймагында 10 миң гектардай өрүк аянттары бар. Мында өрүктүн 20дай сорту эгилген. Облус боюнча жылына орточо киреше 8 млрд сомдун айланасында болот.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *