Ванга болгондо, жашоо жыргал болмок…

Адам жакшы иштерди жасоо үчүн жаралган. Ар бир жаман иш жазасыз калбайт. Эгер бирөөгө жамандык кылган адамга жамандык келбесе, анда ал анын укум-тукумуна өтүп кетет”

(Ванганын айткандарынан)

Наристе чагы

Ванга (Вангелия) 1911-жылы 31-январда Македониянын Струмице шаарында жөнөкөй эле үй-бүлөдө төрөлгөн. Туулганда ал ушунчалык алсыз, ыйлаганы да анча катуу чыкчу эмес экен. Ата-энеси эптеп эле жаны бар наристеге ат койгондон да катуу айбыгышкан. Ванга үч жашында апасынан айрылат. Кийин өгөй эненин колунда өсөт. Табышмактуу бурулуш Ванганын 12 жаш курагы. Өзү курдуу балдар менен ойноп жүргөн маалда асман түнөрүп, айлананы капкара булуттар басат. Балдар жаан жааганы жатат го деп ойлошот. Анан эле алай-дүлөй болуп, катуу куюн пайда болот. Ал куюн Ванганы кадимкидей дене боюн өйдө алып учуп, ошол маалда анын башы бир нерсеге урунгандай болот. Куюн айлантып барып жерге түшкөндө эс-учун жоготот. Бир кезде өзүнө келип көзүн ачайын десе, бети-башын бүт кум, топурак басып калган болот. «Көзүм» деп ыйлай баштайт. Жергиликтүү дарыгерлер ата-энесине тез аранын ичинде борбордогу ооруканага алып барып, операция жасатуу керек экенин айтышат. Бирок ага сарпталчу 500 долларды (лев) таба алышпайт, ата-эне ары-бери чуркап издеп… Ал убакта Ванганын эки көзү тең такыр көрбөй калат.

Оор жылдар

1925-жылы Ванганы сокурлар үйүнө жөнөтөт. Ал жерден кийим тигип, жип сокконду, азиздер алиппеси менен окуганды үйрөнөт. Музыка менен машыгат. Ошол кезде Ванга өзүнүн биринчи жана акыркы сүйүүсүн кездештирет. Эки жаш бири-бирин жактырып, ал тургай баш кошчу күнү белгиленип, бүгүн-эртең той болот деп жаткан маалда өгөй апасы каза болуп, өз бактысы менен коштошуп, кичинекей бөбөктөрүн багуу үчүн Ванга айылына кетүүгө мажбур болот. Ушул аралыктагы он жыл ал үчүн өтө оор жылдардан болот. Эки көзү көрбөгөнүнө карабай кийим тигип, бөбөктөрүн багып… Ага кошул-ташыл болуп, пособие алуу үчүн кечке жылаңайлак цемент үстүндө кезекте туруп, эки бөйрөгүнө катуу суук тийип төшөккө жатып калат. Баары тең аны «өлөт-өлөт» болуп калган. Бирок кандайдыр бир күч таасир этти белем, акыры төшөктөн туруп кетет.

Алгачкы касиет

30 жашынан тарта Ванга алдыдагы окуялардын кандай өңүттө өтөөрү жөнүндө жан дүйнөсү менен сезе баштайт. Бирок аларды айланасындагыларга айткандан айбыгат. Себеби кээ бирлери ишенбей «акылынан айныган» деп айтышабы деп чочуйт. Бирок бир жолу кармана албай, «жакында, апрель айында согуш башталат» деп кошуналарына айтат. Буга алар ишенишпейт. Айткандай эле 6-апрелде Германиянын аскерлери Югославиянын чек арасына кирип келишет. Ошондон тарта эл оозунда Ванга көзү ачык катары айтыла баштайт. Эл келе баштайт ага. Ванга эч кимдин көңүлүн калтырбаган, баарын кабыл алчу экен. Болгону өмүрүнүн аягына чыгып бараткан адамдар менен шакаба иретинде келгендерге гана эч нерсе деп сүйлөбөй узатып жиберчү дейт. Ал ар бир адамдын айткандарын өзүнүн жан дүйнөсүнөн өткөрүп, алардан беш бетер кыйналган…

Окуялар. Дал келүүлөр…

Болгариялык окумуштуу Георгий Лозанов өзүнүн Ванга жөнүндөгү чейрек кылымдык изилдөөсүндө төмөнкүчө эскертет: «Ванга алдыдагы жети миңге чукул окуяларды алдын ала айткан жана анын дээрлик бардыгы дал келген.»

Айтмакчы, Ванга Улуу Ата Мекендик согуштун башталышын эле эмес, анын жүрүшүн да сүрөттөп берген. Ал тургай ошол эле учурда Гитлерге: «СССРди жайына кой, сен алардан утуласың» дегенинде Адольф мыйыгынан жылмайган дейт. Убагында Сталиндин да өлө турган күнүнүн келип калганын айта коем деп, үч суткага камалып чыккан. 1963-жылдын алдында АКШнын 35-президентине кол салуу болот деп билдирген. Бул – Джон Кеннеди эле. 1969-жылы Индира Гандинин өлүмү кайсы мезгилде болоорун, 1979-жылы СССРдин 12 жыл алдыдагы боло турган тагдырын айткан, анда «өлкөдө кайра куруу башталып, ошону менен бул империя жок болот» деген божомолун билдирген. Ошол эле жылы «Курск» суу алдында калат деп айткан экен. Муну көпчүлүк Курск шаары деп ойлошот. 2000-жылы «Курск» кемеси чөгүп кетет. Ванганын айтканы боюнча 1967-жылы ал мамлекеттик кызматка «алынат». Күнүнө 120га жакын адамды кабыл алат. Андагы түшкөн акча шаардын казынасына өткөрүлүп турат. Болгариялык жана социалисттик өлкөлөрдүн атуулдарын кабыл алууда 2 доллар, башка чет элдиктерден 50 доллар өлчөмүндө алынчу. Өзүнүн 85 жаштык өмүрүндө миллиондон ашык адамды кабыл алганы айтылат. Ванганын кабыл алуусунда Болгариянын өлкө башчысы Тодор Живков, Болгариянын маданият министри болуп иштеген анын кызы Людмила, орустун белгилүү жазуучулары Л.Леонов, Ю.Семенов, белгилүү сүрөтчү Н.Рерихтер көп-көп барып турчу экен. Ошондой эле Борис Ельциндин жакындары да бир нече ирет кайрылган. Өз учурунда Ванга көптөгөн саясий ишмерлерге жеке тагдырларындагы божомолдорун айткан, бирок алар жөнүндө ачыкка чыкпаган.

Өмүр-сыр

Ванга өзүнүн бул сырдуу көрөгөчтүгүн өзүнүн айтуусунда, ага угулган бардык маалыматгар ага көрүнгөнү келген адамдын өлгөн жакындарынын арбактары айтып турат. Мени жараткан эки көзүмдөн айырган менен башка бир өңүттө көрүү сезимин тартуулады. Адамдар мага келгенде алардын бүт өмүрү төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашоосу тасма сымал көз алдымдан етөт» деген экен…

Ванга өлүмдөн корккон эмес. 1996-жылы 10-августта күтүүсүздөн катуу ооруп, өлүм алдында жаткан Ванганы өкмөттүк оорукананын реанимация бөлүмүнө алып келишкенде жардамдан баш тартып, бир стакан суу, бир кесим нан сурап, анан жуундуруп коюусун өтүнөт. Андан соң: «Мен эми даярмын, мени алып кетчүлөр келип калышты» деп терең жылмаюу менен оо дүйнөгө узап кеткен экен. Эң кызыгы, ал өзүнүн өлө турган күнүн туптуура бир ай мурун алдын-ала айтып койгон. Анан да Ванга өмүрүнүн акырында өзүнүн алдын-ала айтуучулук касиетинин баары Франциядагы 10 жашар кызга өтөөрүн билдирген. Бирок ал кыз жараткан берген бул касиетти алаары менен анын да көзү көрбөй калаарын айткан экен…

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *