Варшавада Тажикстандагы адам укуктарынын абалы жабык талкууланды

Варшавада Тажикстандын өкмөттүк делегациясы менен эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун өкүлдөрүнүн ортосунда жабык жолугушу өттү.

Анын жүрүшүндө Тажикстандагы адам укуктарынын абалы талкууланды.

Жолугушуудан кийин HRW уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердлов «сүйлөшүү маалындагы атмосферага канааттанганын белгилеп, укук коргоочулар тажик бийлиги менен мындан ары жемиштүү кызматташууга үмүттөнүп жаткандыктарын» айтты.

Жолугушууда Тажикстандын делегациясын өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Низомиддин Зохиди жетектеди.

Тажикстандын өкмөттүк делегациясы Польшанын борборуна ЕККУнун адам укуктары боюнча ар жылкы жыйынына катышуу үчүн барган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *