Вашингтон Бишкек менен мамилени жакшырткысы келет

АКШнын мамлекеттик департаментинин делегациясы мамкатчынын саясый иштер боюнча орун басары Томас Шэннондун жетекчилиги астында 29-октябрда Борбордук Азия республикаларына беш күндүк иш сапарын аяктады. Өзбекстандагы жетекчилик алмашкандан кийинки кырдаал АКШда жогорулатылган кызыгууну пайда кылууда. Анткени бул өлкөдөгү процесстер бүт регионго таасир этиши мүмкүн.

Бейшемби күнү Шэннон Бишкекте болду. Кыргызстан бүгүнкү күндө кезектеги саясый турбуленттүүлүккө тушукту. Кыргызстан АКШ менен кызматташтык жөнүндө 1993-жылы кол коюлган келишимди бир тараптуу түрдө үзүп салган соң, Бишкек менен Вашингтондун карым-катнашынын деңгээли аябай эле төмөндөп кеткен. Бирок, америкалык аналитиктердин пикири боюнча Кыргызстан Вашингтон үчүн АКШга карата кыйла жумшак позицияны карманышы мүмкүн болгон чек ара өлкөсү. Тактап айтканда, Кыргызстан өзүнүн ЕАЭБге мүчө болгонуна ичи чыкпай, Россиянын инвестициялык активдүүлүгү төмөндөгөнүнө нааразы болуп жүрөт. Америкалыктар муну байкап, тобокелчиликтерди баалоо тобунун директору Досым Сатпаев айткандай, бул өлкө менен жаңы мамилелерди түзүүгө даярданып жатышат. Томас Шэннон президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкандан кийин Кыргызстан менен АКШ жаңы өнөктөштүккө негиз болчу макулдашуунун үстүндө биргелешип иштөөнү улантышарын билдирди. Вашингтон Кыргызстанда жетекчиликтин алмашышы Бишкектин тышкы саясатынын өзгөрүүсүнө алып келери боюнча үмүттөнөт. Кыргызстандын борборунда студенттер менен жолугушкан учурда Шеннон АКШнын көңүлү демократия боюнча кызматташууга буруларын билдирди. Ал региондогу коопсуздук, албетте, америкалыктарды  сарсанаа кылса да “Манастагы” аскер базасы Американы кызыктырбасын жар салды.

Бир жыл мурда Мамдеп С5+1 (Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана  Түркмөнстан плюс АКШ) контакттык тобун түзгөн, ал “жалпы проблемаларды, анын ичинде коопсуздук проблемасын чечүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерге платформа” болуп берүүгө тийиш. Ушул жылдын август айында беш долбоор иштелип чыкты, АКШ аны ишке ашырууга 15 млн. доллар сарптоого даяр. “Бул долбоорлорду ишке ашыруу менен биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугун, экономикалык байланыштарын, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча мүмкүнчүлүгүн жогорулатуучу конкреттүү натыйжаларды алууга үмүттөнөбүз” деп билдирди Шеннон.

С5+1 платформасынан улам америкалыктар ар бир өлкөнүн позициясы кандай экенин жакшы билишет. Ошондуктан, Мамдептин Борбор Азияга жасаган туруна Түркмөнстан менен Тажикстан кирген жок. Бул өлкөлөрдө Американын таасири башкаларга, мисалы, Казакстанга салыштырмалуу кыйла аз. АКШнын ачык, өзгөчө экономикалык катышуусу Казакстанда эле. Ал эми Өзбекстан маселесине келсек, америкалыктар бийликтин алмашуусу Ташкент менен Вашингтондун мамилелерин кандайдыр бир деңгээлде жакындаштыруу жагынан үмүттөнүшөт” дейт Досым Сатпаев. Бирок, эксперт “Өзбекстандын курсу азырынча кескин өзгөрбөйт” деген пикирде. Президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев жакында эле мурдагы президенттин саясатын улатаарын, Өзбекстан биринчи кезекте өзүнүн кызыкчылыктарын коргоп, эч кандай регионалдык блокторго кирбестигин билдирди. “Кайсы бир мезгилге чейин Өзбекстан Ислам Каримовдун багытын улантып барат деп ойлойм. Анан бир аз мезгил өткөн соң кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтсөк болот. Бирок, Өзбекстанга жасалчу тышкы кысым факторун да эске алуу керек. Айталы, Кытай менен Россия Өзбекстанды өздөрүнүн таасир этүү чөйрөсүнө тартууга кызыкдар” дейт Сатпаев. Эксперттин ою боюнча, Кытай Өзбекстан АКШ менен өтө эле жакын мамиледе болушун каалабайт. “Мен бир ай мурда Чикагодо болгонумда кытайлык эксперттердин пикирлерин уктум. Алар ачык эле азыр Өзбекстанда болуп жаткан бийлик транзитин колдошоорун, себеби, бул бийлик алмашуу тынч, чыр-чатаксыз өтүп жатканын айтышты. Алардын айтымында, Өзбекстандагы кырдаалдын ар кандай туруксузданышы автоматтык түрдө регионго таасир этип, Синьцзяндагы туруктуулукка да зыян келтирет. Экинчиден, алар АКШнын жана Батыштык оюнчулардын революциялардын жана төңкөрүштөрдүн тигил же бул моделдерин ишке ашыруу боюнча ар кандай аракеттерин кабыл ала алышпайт. “Кытай мындай механизмдерге кескин түрдө каршы чыгат” дейт Сатпаев. Демек, Россия менен Кытайдын Борбор Азияда Батыштын таасирин азайтуу боюнча жалпы кызыкчылыгы бар.

Виктория ПАНФИЛОВА, “Независимая газета”

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *