Василий Дашков «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2020-жылдын 10-апрелиндеги №193-Буйругуна ылайык, Дашков Василий Анатольевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Василий Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Башкы директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *