“Вефадагы” чырдын артында кимдер турат?

“Вефа” соода борборунун айланасындагы сот иши өлкөдөгү гуленчи топтордун катарынын калыңдаганын ачык-айкын көргөзүп койду. Бул нерсе улуттун коопсуздугуна капсалаңдын жакындаганын айтып, коңгуроосун кагып жатканынан кабар берип жаткан көрүнүш. Мына ушундай майда нерселерге маани бербегендин кесепетинен Туркиядагы төңкөрүш аракети орун алып, ичтен чыккан ийри жыландардын чыккынчылыгынан түрк эли эбегейсиз чоң соккуга дуушар болгон. Ушул себептерди эске алуу менен коопсуздук органдары тыкыр иштеп, жайылып бараткан “шишикти” кесип салбаса кесепети оор болоору айтпаса да түшүнүктүү.

Кыргызстандагы майда-барат мамлекеттик кызматкерлерди эске албаганда да, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарын, аткаруу бийлигинин “атамандарын”, сот, коопсуздук, укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрүн баш кылып канатына калкалаган гүленчилер бул сапар Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын басымдуу бөлүгүн өз катарына тартып, бир беткей маалымат жайылтуу, маалыматтык согуштан утуп чыгуу тактикасын тандап алышкан өңдүү. Жеке менчик сайт, гезиттерден тарта мамлекеттик маанидеги КТРК баш болуп “Вефа” соода борборуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар менен толук таанышпастан Кыргызстандагы түрк элчилигин жана түрк бийлигинин иш-аракеттерин жамандаган маалыматтарды, макалаларды, көрсөтүүлөрдү байма-бай жарыялап, акылга сыйбаган жоромолдору менен Кыргызстандын жана Түркиянын өлкө жетекчилерин айыптоого далалаттанып, эки өлкөнүн ортосуна жик салуу аракетинин арбайын жан аябай согушту.

Кыргызстанда гүленге тиешелүү мектеп, окуу жайлар эле эмес жеке компаниялар, фирмалар да учурда активдүү иш жүргүзүү менен өз тарапташтарынын курамын кеңейтүүнүн аракетин көрүп жатышканы эч кимге жашыруун эмес. Бул топтун акырынан жем жеген айрым тарапташтары ачык-айкын топтун таламын талашып, гүленчилерге каршы айтылган маалыматтарды жокко чыгарууга, каршылаштарын кандай жол менен болсо да кысымга алып жок кылууга даяр. Интернет желелеринде дал ушуга окшогон топтор коомчулукка туура эмес маалыматтарды таратып, элди мыйзамсыз нерселерге үндөө кызматын жасашууда.

Негизи эле гүленчилердин калыптануусунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын салымы чоң. Булар өз максаттарын коомго сиңирүү жана экономикалык булак табуу үчүн массалык маалымат каражаттарын, компания жана холдингдерди түзүүгө чейин барган. Анын ичинен уюмга таандык атайын телеканалдарды ачышкан. Гүлен ээлик кылган «Feza Media Group» Түркиядагы күн сайын чыгып туруучу популярдуу «Zaman» гезитин жана «Акsiyon» журналын чыгарып турган. Түркиядагы таасирдүү болгон «Samanyolu Broadcasting» телекомпаниясынын миллиардаган доллар активдери болгон. Кыргызстанда дагы гүленчилердин тарапташтары тарабынан уюштурулган бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары активдүү иштеп келет. Булардан тышкары атайын жалданган жасашууда. аналитиктер, социологдор гүленчилердин тапшырмасы менен көмүскөдө иштеп, «Вефа» соода борборунун айланасындагы окуя боюнча бир беткей, окшош макалаларды жазып жатышты. Бул адамдар жазган жалган маалыматтарды жарыялай койгон айрым маалымат каражаттары ойлонбой жасаган одоно катасын кеч аңдап гүленчилердин тукуругуна алданып калганын моюнуна алып, бармагын тиштеп, тактабай, бир тараптуу жазган жалган маалыматтары үчүн окурмандарынан кечирим суроого мажбур болушту. Ансыз деле катын ушактын деңгээлинен арыла албай, “сары прессанын” сазына батып жаткан айрым журналисттер жалпы кыргыз журналистикасынын абройун чакалап чачып, ишмердүүлүгүнө доо кетирип, журт ишениминен куру жалак калтыруу коркунучуна кептешти.

Арзыбаган акчага адамдык абройун, кастарлаган кесибин, төртүнчү бийлик катары  кадырланган журналистиканын этикасын сактабай, бир ууч топтун кызыкчылыгын улуттукунан өйдө коюп койгон айрым кесиптештер мындан ары сөз эркиндиги тууралуу оозанбай деле койсо жарашат.

Дагы бир кызык жагдай, таттуу азгырыкка моюн сунуп, тар чөйрөнүн таламын талашып жаткан жогорудагы кесиптештердин айрымдары алдыда боло турган жергиликтүү кеңештерге талапкер катары катталып, депутат болууга жан үрөп жатканы. Болгондо дагы бийликчил деп саналган “Биримдик” партиясы менен дал ушул топтун жигердүү колдоочуларынын бири Ош шаардык кеңешке аттанганы аныкталды. Демек, жогоруда айткандай бийлик башындагы билермандардын арасындагы гүленчилердин “гумжардамы” аркылуу билинбестен тизмеге кирип алган бул талапкерлерди тизеге чаап, тизгинин тартуу керек. Болбосо, “жүрөктөн кирип ойду алган, жүлүндөн кирип бойду алган” гүленчилердин кытмыр саясаты эртең эле бийлик төбөлдөрүнүн төбөсүнө айланган кара булут болуп кайтып келээрин эч качан эстен чыгарбашы керек.

Аз убакыт мурун АКШнын колдоосу менен Америкага барып, кесиптик дараметин бийиктетип келдик деп жар салган журналисттердин кулагы жашырганына карабастан кечеги сот ишинде гүленчилердин короосунан көрүнүп турду. Канчалаган кыргыз ишкерлеринин мүлкү, басылмалары каралар тарабынан, бийликтеги лөктөр тарабынан, морадерлор тарабынан таланып-тонолуп жатканда жөн гана карап турган жогорудагы журналисттер бул сапар чагылгандай тездик менен бириге калып, боорлору ачып калганы барып турган ыпластык.

Таасир талашып, такка ээ болууга аракеттенген ири державалардын интригалары күчөп турган маалда өлкөнүн коопсуздугун, мамлекеттин келечегин ойлобостон учкунга май чачып, улуттун келечегин уурдатып жибербей барыбыз жапа тырмак аракеттенүүбүз мезгилдин өктөм талабы.

Катаган Саяков

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *