Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Вице-премьер-министр Аида Исмаилова КР Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды
Кызмат-мансап Расмий кабарлар

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова КР Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды

КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова КР Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр жаңы жетекчини тааныштырууда белгилегендей, ушундай кыйын кырдаалда күч-аракетибизди бириктирүү менен саламаттык сактоо тутумундагы маселелерди, биринчи кезекте, COVID-19 илдетине каршы күрөшүү маселесин чечүүбүз зарыл.

«Күн сайын COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Медициналык мекемелердин даярдыгы, мобилдик бригадаларды комплекттөө, зарыл дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, кадрдык ресурсту даярдоо – биздин алдыбызда турган артыкчылыктуу милдеттер. Буга катар коронавирустан башка оорулардын алдын алуу жана дарылоо маселеси да көңүлдүн борборунда болушу абзел», – деп жыйынтыктады ал.

Япония Кыргызстанга акысыз түрдө коронавирусту табуу боюнча 2000 тест берди

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт

Январь-август аралыгында Кыргызстанда орточо айлык акы – 236 долларды же 16,4 миң сомду түзгөн