Видео – 13 жылдан бери таза суусу жок жашоочулар Ак үйдүн алдына чыкса, аларды милиция кууп…

Бүгүн, 2-декабрда Ак үйдүн алдына таза суу маселеси менен Бишкектен четинде жашаган жашоочулар плакат көтөрүп митингге чыкты. Аларды милиция кууп, алар чыркырап таза суу маселесин түшүндүрүп жатты.

Митингдин катышуучусу Алмаз Шамшиевдин айтымында, алар “Адилет”жаңы конушунун тургундары, ал жерде төрт жүздөн ашуун түтүн жашайт. Алар 13 жылдан бери таза суу менен камсыздалбай келет. Бул маселе боюнча барбаган жери, какпаган эшиктери калган эмес. Айла жок Ак үйдүн алдына келип, бийликке үнүн жеткирели деген ниетте келишкен.

13 жылдан бери коңшу айыл “Ак батадан” суу ташыйбыз. Алардан жалдырап, каалгасын кагып, жалдырап суу сурап келатабыз. Жакшы көрүп, жаман көрүп бергендери да бар. Бул маселени эч ким чечпей жатат. Таза суу менен биздин айылды камсыздандырып беришсе жакшы болот эле…“,-дейт Алмаз Шамшиев.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо учурунда (2017-жылы) Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылууга убада кылып, президенттик мөөнөтү бүткүчө аткарарын айткан жана айтып келүүдө.

Премьер-министр М.Абылгазиев да калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча ага тиешелүү жетекчилерди чогултуп, жыйындарды байма-бай өткөрүп, долбоорду тезинен ишке ашырууну айтып келет.

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда таза суу жетпей жаткан 1800 айыл бар. 2019-жылы суу жеткирүү боюнча 57 айылга пландалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *