Видео – 7 жылдан бери бойдок жүргөн Владимир Путинге 28 жаштагы кыз Юлия “мага үйлөнүңүзчү!” деп элдин алдында сунуш кылды

Кечээ, 6-мартта Россиянын Иваново шаарында эл менен жолугуп жаткан Россиянын президенти Владимир Путинге элдин арасынан 28 жаштагы Юлия Шилова “мага үйлөнүңүзчү!” деп сунуш кылган. Бул тууралу Россиялык маалымат агенттиктеринин баары жазып чыкты.

Ал сунуштан кийин Владимир Путин ал кыз менен шыбырашып калышкан видеотасма бүт дүйнөгө тарады. Кийин белгилүү болгондой Юлия Шилова “мага президент: “ыракмат, кызыктуу сунуш экен, атыңыз ким?” деп жооп берди, мен ага: “ыракмат, атым Юлия, мен сиздин жардамчыларыңызга сүрөтүмдү жана телефонумду берип койдум” деп кулагына шыбырадым” деп журналисттерге айтып берген.

Юлия Шилова Ивановодогу балдар театрында актриса болуп иштейт. Күйөөгө чыга элек. Көптөн бери Владимир Путинди жактырат. Эгер күйөөгө чыгып калса Россиянын 1-ледиси болууга жарай тургандыгына ишенет.

Ошол эле күнү Владимир Путин Ивановонун активи менен жолугушуп жатып “Иваново селкилердин шаары деп көп айтышат. Мага да бүгүн ошондой кызык сунуш түштү. Ал жерде камералар тартып жатышкан. Эми ал кыз көп жерге таанымал болот”, деп  билдирген.

Владимир Путин өзүнүн биринчи жубайы Людмила Путина менен 30 жыл өмүр сүргөндөн кийин, 2013-жылдын июнунда расмий ажырашкан. Алардын эки кызы бар. 7 жылдан бери бойдок эсептелет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *