Видео – Адахан Мадумаров: “2010-жылдын 7-апрели бул Убактылуу бийликке жулунган күчтөрдүн арамза ойлорунун ишке ашышы”

“2010-жылдын 7-апрелин Кыргызстандын кайгысы деп билемин. Мен 10 жыл бою өзгөртүүсүз ушул сөздөрдү айтып келем – Кыргызстандын кайгысы деп. Бул баягы Убактылуу бийликке жулунган күчтөрдүн арамза ойлорунун ишке ашышы деп билем. Мына менин ойлорумдун туура экендигин кыска мезгил көрсөттү. Кандай болгонун. Бүгүнкү тышкы-ички карызды карап көргүлө: 4,5 миллиард долларга жетти, а 10 жыл мурун 2,3 миллиард доллар болчу эле. Карыз эки эсеге көбөйдү. Жыргап кеттикпи?”, – деп билдирди бүгүн, 14-январда “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *