Видео – Адахан Мадумаров президенттике талапкерлигин койду

Бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы 12-съездин өткөрдү. Анда 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого Адахан Мадумаровдун талапкерлигин көрсөтүштү. Бул жыйынга партиянын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана активисттер катышты. Ошондой эле конок катары белдүү саясатчылар менен белгилүү инсандар чакырылышкан. Президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн Адахан Мадумаровко Ахматбек Келдибеков үчилтик бузулду деген ушак-айыңдарды четке кагуу менен Мадумаровко куттуктоо сөзүн айтты.

Булак: “NEXT TV Kyrgyzstan

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *