Видео – Адахан Мадумаров: “Түркия жарандарын улутуна карабай, баарын паспортуна түрк деп жазат, бизде титулдук улут да мындай укугунан ажырады”

Бүгүн, 17-июнда Бишкекте “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров партиянын жана “Мен макул эмесмин” кыймылынын активисттери менин жолугушуп, партия менен кыймылды бириктирүү демилгелери сунушталып жатканын, аны өзү да колдоону чечкенин билдирди.
“2017-жылы түзүлгөн “Мен макул эмесмин” кыймылы 7 талап менен чыккан, ал талаптардын баары бүгүн да актуалдуу бойдон калууда. Бирок биз 300 миң кол топтой алган жокпуз. Эгер биз 300 миң кол топтосок анда талаптарыбызды расмий түрдө сунуштамакпыз. Ошондуктан бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясы менен “Мен макул эмесмин” кыймылын бириктирүү тууралу түшүп жаткан сунуштарды колдоону чечтик”, – деди Адахан Мадумаров.
“Түркия мамлекети сенин улутуң ким экенине карабай түрк жарандарын паспортуна түрк деп жазат. Бизде болсо мамлекетти түзүүчү титулдук улутту да паспортуна өз улутун жазуу укугунан ажыратышты”, – деди Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаевдин президенттик учурунда, 2014-жылы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунан “улуту” деген графасы алынып салынган.


Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *